Коопсуздук, коргонуу, тартип жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин бүгүн боло турган жыйынында Конституциялык соттун төрайымы С.Сыдыкова өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча баяндама жасайт. Андан сырткары “Оперативдик-иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, “Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралат.Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)