Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Асылбек Текебаев: Калк өз укуктарын коргой албай калды


"Ата Мекен" партиясынын акциялары. 25-апрель 2009-жыл
"Ата Мекен" партиясынын акциялары. 25-апрель 2009-жыл

“Ата-Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы мүчөлөрү БЭКтин лидери И. Исаковду бошотуу акцияларын кубаттайт. Аталган партиянын облустагы уюмунун жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин айтымында, өлкөдө адам укуктары, саясий эркиндик күндөн-күнгө бузулууда.

- Асылбек мырза, сиз “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү көпчүлүк бөлүгүн түзгөн Акман айыл кеңешинин депутаттары башкаруу уюмдарында реформа жүргүзүү мыйзамсыз болду деп, президенттин өткөн жылдагы жарлыктарын жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык Сотко кайрылды эле. Ал кайрылуунун жыйынтыгы менен тааныштырсаңыз?

- Өткөн жылы президент К. Бакиев тарабынан жасалган реформалар боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Конституциялык Сотко кайрылган президенттик администрация. Бирок Конституциялык Сот кечээ жакында андагы кемчиликтерди белгилеп, кайра кароого жиберди. Мунун өзү президент К. Бакиев мамлекеттик курулушта реформа жүргүзөөрдөн мурда алгач Конституцияга мыйзамдуу түрдө өзгөртүү киргизүүсү керек экендигин туюндурду.

Биринчиден ал өзү жасап алган реформаны кийин оңдойм дегени эч кандай мыйзамга сыйбайт. Башкы мыйзамдын гаранты болгон президенттин туура эмес кадамы болуп эсептелет. Бул да болсо президент К. Бакиев жүргүзгөн саясаттын туура эместигинен жана туура эмес иш алып бараткандыгынан кабар берет.

Базар-Коргон районундагы Акман айыл кеңешинин сессиясы президент К. Бакиевдин бул өзгөртүүлөрүн Баш Мыйзамга туура келбестигин айтып, Конституциялык Сотко кайрылуу менен соттошуп, аныгына жетмек болушкан. Менин билишимче, бардык процедуралык маселелелер каралып, документтер даярдалып, дүйшөмбү күнү Акман айыл кеңешинин өкүлдөрү тарабынан Конституциялык Сотко тапшырылат.

- Өткөн аптада Конституциялык Сот адам укугун коргоочу “ Кылым шамы” укук борборунун “Жарандардын куралсыз, тынч митинг, жөө жүрүш, эркин жыйналыштарды өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам долбооруна кошумчаларды кийирүү сунушун карады. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө калктын эркин жыйындарды куруу укуктары корголот , алар бийликке болгон көз карашын ачык айта алат, деп ишенүүгө болобу?

- Биздин өлкөдө элдин бул укуктары сакталбай атат. Бул бүгүнкү күндө эле эмес, президент К. Бакиев президенттик кызматка келгенден баштап эле ушундай болуп келатат. Жылдан-жылга, күндөн-күнгө адам укугун бузуу, сөз эркиндигин бузуу көз көрүнөө эле тебеленип келе жатат.

Жакында эле Петровка кыштагында болгон окуя боюнча кармалган адамдарга туура эмес мамиле жасалды. Мурдагы коргоо министри И. Исаковду камактан бошотуу талабы менен Алайда нааразылык акциясын өткөргөндөрдү милициянын атайын кызматтары жолдон сүрүп, кууп таркатканы, үйлөрүнө чейин барып коркутканы – булардын бардыгы азыркы бийликтин кандай гана жол менен болбосун азыркы саясаттагы өзүнүн кемчилдигин жаап-жашыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, элдин чындыкка болгон умтулуулары менен үнүн басуунун аракетин көрүп жатышат. Бул Бакиевдин жана анын үй- бүлөлүк саясатынын биздин өлкөдө туура эмес жүргөндүгүнөн кабар берет. Бул саясаттын акыры өтө жаман болуп бүтүп калуусу мүмкүн.

- Бишкек менен Алайда БЭКтин лидерлеринин бири И. Исаковду азаттыкка чыгаруу талабы менен башталган ачкачылык акциялары уланууда. Мындай нааразылык акциялары тууралу элет калкынын кабары барбы жана ал боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

- И. Исаковду абактан чыгаруу боюнча ачкачылык акцияларына биздин “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги мүчөлөрү да кошулушкан. Партиянын облустардагы уюмдарынын өкүлдөрү да өз пикирлерин айтып, нааразылыктарын билдиришкен. Биз мурдагы коргоо министрдин камалышын – бийликтин бир адамдын оппозициялык лидердин артынан саясий кызыкчылык үчүн түшкөн туура эмес саясат деп баалайбыз. Анткени, И. Исаков өз иш- аракетин өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзгөн. Эң негизгиси – ал акыркы мезгилде Бакиевдин үй-бүлөлүк саясатын сынга алгандыгы үчүн куугунтукка кабылгандыгы белгилүү. Биздин партиянын Жалал-Абаддагы мүчөлөрү мындай мамилеге каршы. Эл арасында “ И. Исаковго карата Бакиев туура эмес мамиле жасады” деген пикир аралап жүрөт.

- Элет жеринде ушу тапта бийлик менен оппозицияга көз карашы кандай? Жарандар бийликке болгон нааразылыгын коркпой- үркпөй, ээн- эркин билдире алабы? Ага мүмкүнчүлүк барбы?

- Сынчыл маанайдагы адамдар менен оппозициянын көз карашы бийликке нааразы болуу абалында турат. Анткени, К. Бакиев башында турган бийлик элдин мүдөө-талаптарын аткарган жок. 2005-жылы берген убадаларын орундатпады. Эл Конституцияда көрсөтүлгөндөй, өз нааразылыктарын тынч митинг жолу менен, басма сөз жана сөз эркиндигин колдонуу менен билдирүүгө укуктуу, бул мыйзамда ушундай.

Эгерде сөзү бийликке жетпесе, анда 2005- жылы март айындагыдай болуп, эл толкуп, жарылуусу мүмкүн. 2005-жылы Бакиев бийликке кандай жол менен келгендигин унутпоосу керек эле. Мен ойлойм, азыркы учурда да ошондой кырдаал түзүлүүдө. Бардык оппозициялык күчтөр, саясий партиялар 24-мартта Ала- Тоо аянтына чыгып, акыркы беш жылда кандай иш аткаргансың?- деп Бакиевден суроо алдында турат. Оппозиция мүчөлөрүнүн ортосунда азыр ушундай маселе коюлууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG