Апрель айындагы эскерүү жыйыны Экинчи Дүйнөлүк согуштун мезгилинде советтик жашыруун кызматтардын миңдеген поляк атып жок кылынган Беларуста, Хатын мемориалында өткмөкчү. Орусиянын маалымат агенттиктери Полшанын премьер-министри Доналд Дуск Путиндин чакыруусун кабыл алгандыгын бышыкташты. Полша Москваны 1940-жылы Хатын токоюнда 22 миң поляк офицеринин атылышы боюнча жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууну талап кылып келет. Советтик бийлик бул кыргынды 1990-жылга чейин моюнга алган эмес, ал эми советтик окуу китептеринде андан үч жылдан кийин Хатын кыштагы өрттөлүп, 150 чакты тургундун жок кылынышы гана айтылып келген.