Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Кокус Россия НАТОго кошулса эмне болот?


Брюселл - NATO-Россия Кеңешинин эн белгиси.
Брюселл - NATO-Россия Кеңешинин эн белгиси.

Россиянын НАТОго кошулуу ниетин биринчи мерте 1999-жылы орустардын ошо кездеги президенти Борис Елцин билдирген эле. Бул идеяны жакында немецтердин мурдагы тышкы иштер министри Йошко Фишер кайра козгоду. Батышта муну колдогон илимпоздор көп эмес, бирок бар. Деген менен азыркы Россия алянска кошулганга макул болобу? Дегеле мындай кыялдын келечеги барбы?

Илимпоздор долбоору
Жон Хопкинс университетинде иштеген профессор Майкл Манделбаум бул темага кайрылып, эски тарыхтын сабактарын эске салат. Наполеондун жортуулдарынан кийин жана дүйнөлүк экинчи согуш бүткөн соң жеңилген өлкөлөр эл аралык жаңы тартиптин механизмдерине тартылган, мунун арты дүйнөдөгү стабилдүүлүккө алып келген. Ал эми дүйнөлүк биринчи согуш аяктаганда, тескерисинче, Германияны обочолоп бөлүп салышкан, акыры жүрүп ал кайра согуш баштаган. Манделбаум Батыш азыр да Россия менен ошол каталыгын кайталап жатат деп эсептейт.

Мэри Вашингтон университетинин ардактуу профессору Ричард Крикус былтыр декабрда жарык көргөн китебинде түпкүлүгүндө бул ойду колдоду, болгону айрым жагдайларды эске алуу керектигин эскертти.

"Манделбаумдун пикирине ылайык, Россияны "кансыз согуштан" кийинки коопсуздук системасына кошуп, анын НАТОго мүчө болушуна жол ачуу керек. Өз китебимде мен бул ойду кайсы бир өңүттөрдөн карап көрүүнүн кажети бар экенин айткамын. Маселенин баары Россия Европадагы жаңы коопсуздук системасында кандай добушка ээ болот, ага тигил же бул чечимдерге вето салганга укук берилеби –мына ушунда", - дейт профессор Крикус.

Удулу өткөн план
Президент Медведев уюштурган Москвадагы заманбап өнүгүү институтунун сайтында жакында жарыяланган докладда XXI кылымда НАТОго кошулуу Россиянын башкы максаты болуу керектиги айтылат.

Былтыр декабрда Валдай клубунда өткөн талкуулардын корутунду документинде орустардын алянска алынышы тууралуу идея "өтө кызыктуу" план экени ырасталат, ошол эле учурда мунун 1991-94-жылдарда жакшы удулу болгону, азыр ал бир топ эле кыялый мүнөздөгү иштей көрүнүп калганы, бирок аны толук четке кагып салганга да себеп жоктугу белгиленет.

Орус парламентинин жогорку палатасында эл аралык иштер боюнча комитетти жетектеген депутат Константин Косачев окуялар ушундай оролдо өнүгө баштаса, куттуктап-кубаттай турганын айтып, болгону мунун баары Россияны алсыратып, аны айрым майда-барат иштерге алагды кылууну көздөгөн оюн болбошу керектигин кошумчалады. "Эгер бул идеянын артында Россияны чындап эле НАТОго кошуу ыкыласы турса, анда бул алянстын көз карашынан алганда маселенин туура коюлганын билдирет жана Россия үчүн өтө кызыктуу таклип болмок", - деп айтты ал.

Россиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин бул темада ой-пикирин айткандан тайсалдап жүрүп, акыры Twitterдеги бир сөзүндө: "Россиянын НАТОго кошулушуна караганда НАТОнун Россияга кошулушу алда канча ыктымалдуу иш", - деп кесе айтып салды.

Ким кимди өзгөртүшү керек?
Россия НАТОго кирсе түпкүлүктүү көп проблемалардын чечилиши жеңилдемек. Бирок бул идеяны жактаган илимпоздор, анын ичинде профессор Крикус иш жүзүндө чындап эле ушундай процесс башталып калса, анын жүрүшүндө бир катар түйүндүү маселелерде, айрыкча Грузиядагы сепаратистчил аймактарга, Япониянын Курил аралдарын талашкан дооматына байланыштуу проблемаларда Москва мунасага келгенге аргасыз болмок дешет. Мындан тышкары Москванын өзүндө саясий күчтөрдүн теңдеми өзгөрмөк, азыркылардын ордуна "орустардын империялык долбоору" деп аталган пландардан баш тарткан жаңы муун өкүлдөрү келмек.

"Мени ынандырган ыспат ушу: Батыш менен мамилесин өнүктүрүү Россиянын өзгөчө маанидеги кызыкчылыгына кирет, азыркы заманга төрт тарабынан төп келген, анык европалык коомго, байгер, баракат өлкөгө айлангысы келген анын максатындагы башкы мааниде турган маселе", - дейт Крикус.

Россия НАТОго алынган күндө алянс өзү да өзгөрүүгө тийиш болот. АКШдагы Хадсон институтунун илимий кызматкери Ричард Вайц кокус ушундай иш болуп кетсе, анда Москва алянсты ичтен иритип, жок кылып тынышы мүмкүн деп эсептейт.

Москвалык таанымал эксперттердин бири Федор Лукянов болсо орустардын келечекте алянска алынып каларына дегеле ишене бербейт. "Россияда азыр НАТОну терең кризиске баткан уюм катары карашат, - дейт ал.- Башкача айтканда, НАТОну өзүнүн стратегиялык коопсуздук концепциясын аныктай албаган, дегеле XXI кылымда кылар кызматы, аркалар милдети калбаган бирикме деп эсептешет. Ушундан улам ага кошулуунун жүйөөсүн да көрүшпөйт".

НАТОго Кытайдан башка жоо калмак эмес
"Маселе мында, - деп улантат өз оюн Лукянов. - Россия НАТОго кантип, кандай негизде кирет? Эгер ал алянска, айталы, Албания, Черногория же Полша өңдөнүп жалпы негизде кирүү керек десек, менимче, бул анчейин деле кызыга турган иш болбойт. Ал эми Россия алянска кирсе НАТО өзү түп орду менен өзгөрөт, анын башкаруу системасы таптакыр башкача болот десек, анда башка кеп. Бардык иш АКШнын добушуна жана анын эркине жараша чечилип турган чакта бул уюмга Россиянын кирери абдан эле арсар".

Алянска Россия кошулуп калган кезде деле коопсуздук проблемалары өзүнөн өзү бекемделип кетпейт. Россиянын эсебинен НАТОну кеңейтүү планы болгону коопсуздук чөйрөсүн Батыш жана Чыгыш кылып ого бетер тереңдетип бөлүп салышы мүмкүн. "Эгерде эле Россия алянска кирип калса, анда Кытай өзүн азыркы Россиянын абалында сезе баштайт",- деп эсептейт Лукянов.

XS
SM
MD
LG