Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Делиде Индия – Пакистан сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Эки өлкө тышкы иштер министрлеринин бүгүн Нью - Делиде башталган сүйлөшүүлөрү - 2008 –жылы Мумбайда жасалган террордук чабуулдан берки алгачкы расмий сүйлөшүү. Нирупама Рао менен Салман Баширдин жолугушуусунда террорчулукка каршы аракеттер, эки ортодо талашка түшүп келе жаткан Кашмир чөлкөмү боюнча кырдаал талкууланчыдай. 2008-жылдын күзүндө, Мумбайда 170тен ашуун кишинин өмүрүн алган террордук чабуул үчүн пакистандык согушкерлерди айыптаган Индия анда сүйлөшүүлөр Пакистан өз аймагындагы согушкерлерге каршы чара көрсө гана жандануусу мүмкүн экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG