Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Канада жана АКШ Ванкуверде эң көп медаль алды


Канада жана Кошмо Штаттары Ванкувер Олимпиадасында эң көп медал жеңген өлкөлөр болуп калды. Кечээ Канада 3 алтын медаль утуп, СССР жана Норвегиянын рекордуна жетти. 1976-жылкы кышкы Олимпиадада советтик спортсмендер 13 алтын жеңген. 2002-жылы болсо Норвегия Солт- Лэйк Ситиден 13 алтын алып кеткен. Эми Канада хоккей боюнча финалдык оюнду жеңсе, рекордду жаңылай алат. Бүгүн Олимпиаданын кожоюну АКШ командасы менен беттешмекчи. АКШ болсо медалдардын жалпы саны боюнча жаңы рекордго жакындады. 2002-жылкы оюндарда германиялык спортсмендер 36 медаль тагынышкан. Америкалыктар болсо хоккей финалынан кийин 37 медалга ээ болушат. Ал эми акыркы медаль алтын же күмүш болобу, аны бүгүнкү таймаш көргөзөт.

XS
SM
MD
LG