Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Премьер-министр Москвага барып келди


Премьер-министр Данияр Үсөнов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын Москва отурумуна катышып келди. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча өкмөт расмий маалымат тарата элек. Орусия маалымат булактарынын билдиргендерине караганда, 27-февралдагы отурумда тараптар Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна чет өлкөлүк инвестицияны биргелешип табууну макулдашты. ГЭСти эл аралык экспертизадан өткөрүү маселеси чечилип жаткандыгы, ага Дүйнөлүк Банк жардам берери да кабарланды. Ошондой эле комиссиянын теңтөрагасы, Энергетика министри Сергей Шматко менен өкмөт башчы Данияр Үсөнов отун-энергетика жаатында кызматташтыкты кеңейтүү макулдашуусуна кол коюшту. Кыргыз өкмөт башчысы Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ынтызар экендигин, ага камылгалар көрүлүп жаткандыгын билдиргени да маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG