Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси сотко чакырылды


“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров 2-мартка Ленин райондук сотуна чакырылды. 8-февралда Өндүрүш Токтонасыров УТРКдан “Азаттык” үналгысын уктуруу жана “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+” теле долбоорлорун эфирден чыгаруу талабы менен УТРКнын алдында пикет уюштуруп, аны Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз деп, 371-берене боюнча административдик айып тагып, ишти Ленин райондук сотуна тапшырган. Райсот "Ө.Токтонасыровду административдик жоопко тартуу боюнча топтолгон иш кагаздары толук даярдалган эмес жана котормочу жок",- деп ишти кайра Ленин ИИБине кайтарып берген.

Ө.Токтонасыров тынч митинг өткөрүүнү мыйзамсыз токтотуп, аны кармагандыгы үчүн Ленин райондук ИИБинин кызматкерлеринин үстүнөн райондук прокуратурага кайрылган. Райпрокуратура бул боюнча иш козгобостугун билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG