Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Евробиримдик Януковичтин сапарына курсант


Украин президенти В.Янукович жана Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо. Брюссель, 1-март, 2010-ж.
Украин президенти В.Янукович жана Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо. Брюссель, 1-март, 2010-ж.

Украинанын кызматына жаңыдан киришкен президенти Виктор Янукович дүйшөмбүдө Брюсселге барып, Украина тышкы саясатта Евробиримдикке артыкчылык берет, бирок ар тараптуу мамилелерди бекемдейт деди.

Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо дүйшөмбүдө Брюсселге барган Виктор Януковичти алдына кызыл килем төшөп тосуп алып, анын сапарынын мааниси абдан чоң экенин белгиледи. “Өткөн бейшембиде эл алдында ант берген украин президенти алгачкы чет элдик сапарын Брюсселден баштаганына абдан куштарланып турам. Бул жерде сизди, президент мырза, жалаң досторуңуз курчап турат. Биз Украинадагы стабилдүүлүк менен гүлдөп-өнүгүүгө кызыкдарбыз, Украин бийликтерин жана жалпы өлкөнү ар тараптан колдойбуз”, - деди Баррозо.

Евробиримдик жетекчилери Украинанын жаңыдан кызматына киришкен президенти Янукович эң алгачкы сапарын Брюсселден баштаарын укканда жеңилдей түшкөндөй болду. Кантсе да, Виктор Янукович Украинанын орус тилдүү калк басымдуулук кылган чыгыш бөлүгүнүн сүрөөсү менен бийликке келди, ал башынан эле Батышчыл көз карашты карманган “саргылт ыңкылап” уюштуруучуларына өзүн карама-каршы коюп келген.

Ошентсе да, Брюсселде Янукович Европалык жетекчилердин көңүлүн алып, колдоосун табууга аракет жасады. “Европага интеграциялануу - Украинанын тышкы саясатындагы эң башкы артыкчылыктуу багыт”, - деп баштады сөзүн ал. Киев Евробиримдик-Украина ассоциациясы аттуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып, ортодо эркин соода мамилелерин орнотууга кызыкдар. Киев менен Брюсселдин ортосунда экономикалык алакалар бекемделсе, Еврошаркеттин Чыгыш өнөктөштүк программасынын алкагында саясий жана башка интеграция акырындап жүзөгө ашат, деп ишендирди Виктор Янукович. Украин президенти бирок, ал тышкы саясатта ар тараптуу багыттар менен бирдей тил табышуу ниетинде экенин белгилей кетти. “Биздин артыкчылыктар Евробиримдикке интеграциялануу, жакындашуу, ошол эле маалда Орусия Федерациясы менен досчулук жана конструктивдүү мамиледе болуу, - деп көңүл бурду ал, - коңшулаш өлкөлөр менен, ошондой эле АКШ өңдөнгөн стратегиялык өнөктөштөр менен жылуу алакаларды өнүктүрүү, Эл аралык валюта кору жана башка дүйнөлүк каржы уюмдары менен алака-катышты оңдоо болмокчу”.

Байкоочулар Виктор Янукович Брюсселдеги сапарынан пайдаланып, НАТОнун баш кеңсесине бара кетүү ниетин билдирбегенин, жолго чыгаар алдында ал Украинанын НАТОго карата статусу жакын арада өзгөрбөйт, бирок альянстын айрым программаларына катышуусун токтотпойт деп айтканына көңүл бурушат.

Евробиримдиктин колдоосу ушу тапта украин президенти үчүн мааниси зор маселе, социалдык-экономикалык жактан абдан каржалып, кыйналып турган Украинадагы кырдаалды ири эл аралык уюмдар, донорлордун жардамы менен бутка тургузуу бирден бир милдет. Андыктан Янукович Брюсселдеги жолугушууларда өлкөдөгү абалды жакшыртууга жардам сурады. Евробиримдик ири инвестицияларды алыш үчүн украин өкмөтү быйылкы бюджетин ачуу турмуш чындыгына жараша тууралап, андан сырткары Европаны көздөй аккан жаратылыш газын ташып өтүү ишин турукташтырыш үчүн өлкөнүн газ тармагын реформалоо шарт экенин айтышты. Янукович андан сырткары украин жарандарына Евробиримдикке визасыз каттоо мүмкүндүгүн ача турган макулдашуу үчүн бардык талаптар камтылган документти Брюсселден жыл аягына чейин күтөөрүн кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG