Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

2 милиция кызматкери сот жообуна тартылууда


Свердлов райондук соту милициянын эки кызматкерине каршы кылмыш ишти кароону кечээ улантты. Былтыр төрт уланды сабады деген негиз менен Бишкекте жети милиция кызматкерине доо коюлуп, алардын экөөнө Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, запкы көрсөттү деген айып тагылган. Соттук териштирүү 3-февралда башталган. 9-мартка белгиленген келерки отурумда күбөлөр көрсөтмө берүүнү улантат.Коомдук коргоочу Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда Кыргызстандын тажрыйбасында тартип коргоо кызматкерин сот жообуна тартуу фактылары сейрек кездешет. (BuS)

XS
SM
MD
LG