Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Түркия АКШдагы элчисин кеңешүүгө деп чакыртып алды


НАТОго мүчө Түркия мындай кадамга кечээ АКШ Конгрессинин комитети - Осмон түрктөрү армяндарды массалык түрдө кырганын геноцид деп атаган чечимди жактырганына байланыштуу барды. Бүгүн таратылган билдирүүдө түрк премьери Режеп Тайип Эрдоган эч кимди эч нерсеге милдеттендирбеген бул саясий чечим Түркия-АКШ алакаларына, ошондой эле түрктөр менен армяндар ортосундагы кастыкты жоюу аракеттерине залака келтирет деп эскертет. Армения АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын чет элдик байланыштар комитетинин бул чечимин адам укуктары жаатындагы чоң жеңиш катары баалады.

XS
SM
MD
LG