Бүгүн Алай районунун борборуна нааразылык митингге чогулган эл кыргыз бийлигине үч талап койду. Биринчиси - өлкө башчысы Курманбек Бакиев генерал И.Исаковдон кечирим сурап, токтоосуз абактан бошотсун. Экинчи талап - күнөөсү далилденбеген саясатчы И.Исаковду сегиз жылга эркинен ажыраткан соттор, прокурорлор жазага тартылсын. Үчүнчүсү - коюлган талаптар 15-мартка чейин аткарылбаса Алай эли алгач Ош шаарына, андан соң борборго карай жөө жүрүшкө чыгышаарын билдиришти. Ал эми Алай райондук бийлиги бүгүнкү митингде коюлган талаптар негизсиз экенин белгилеп, мыйзамсыз кадамга баргандар жазага тартылаарын эскертүүдө. Бул тууралуу Алай районунда жүргөн кабарчыбыз Алишер Токсонбаев кабарлады. (JAk)