Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Ахмединежад АКШны Кабулда "ур-тепкиге" алды


Ирандын президенти Ооганстанга барышында Кабулдун Батыш союздаштарын сынга алды. Махмуд Ахмединежад айрыкча Кошмо Штаттарын ур-токмокко алып, «Ооганстанда Тегеран эмес, Вашингтон эки башка оюн ойноп жатат» деди.

Ирандын президенти Ооганстанга АКШнын Коргонуу Катчысы Роберт Гейст келип кеткендин эртеси барды. 9-мартта Гейтс Канулда Иранды талиптерди колдоп, АКШ менен НАТОго бут тосуп жатат деп күнөөлөгөн эле.

10-мартта Кабулга келгенде Ахмединежад «Ооганстанда Батыш аскерлери тургандыгы ооган жергесине тынчтык алып келбейт» деп ырастады:

– (Батыш мамлекеттери) биздин өлкөлөрдүн бейкуттугун, өнүгүүсүн каалабайт. Алар бизди жеңилтиш үчүн жүз миллиарддаган доллар сарптагандан да кайра тартпайт. Бирок алар бул өлкөлөрдөн, айрыкча Ооганстандагы каршылык көрсөтүүнүн күчү менен жеңилээрине ишенем.

Ооган президенти Хамид Карзай менен анын ирандык коногу ортосунда сүйлөшүү мезгилинде кандай сөз болгону так маалым эмес. Бирок Ахмединежаддын Гейтстин артынан кубалагандай келиши жана Карзай менен пресс-конференцияда сүйлөгөн сөздөрү өйдө-төмөн сөздөргө жем таштады.

Ахмединежад Батышты Ирандагы балучистандык суни сеператисттерин коргойт деп күнөөлөдү. Бул сеператисттердин «Жундала» уюмунун башчысы өткөн айда Дубайдан Кыргызстанга бараткан учактан кармалды деген маалымат болгону маалым. Ирандын президенти Абдумалик Ригинин кармалышын «террорчулук менен күрөштөгү жылыш» катары баалады.

Карзай өз кезегинде ирандык кесиптешин Ооганстанга берип келаткан көп миллион доллардык берешен жардамы үчүн алкады. Бул каражат жол курууга, электр линияларын тартууга, билим берүүгө жана саламаттык тармагына жумшалып келет:

Мен иран элин акыркы жети жылда көрсөтүп келаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Иран ар дайым ооган элинин чыныгы досу жана колдоочусу болуп келген. Советтик (баскынчылыкка) каршы жихадда да, талиптерге каршы күрөштө да Иран ооган элин колдогон. Бул өлкө миллиондогон ооган качкындарын кабыл алып, аларга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Ирандын мындай жардамы Ооганстанда колдоого ээ, бирок бир эле мезгилде Иран Ооганстандагы шийилерге, өзгөчө ш миллиондуу хазарилерге жан тартат деп шексинишет. Ал эми Батыш Иранды оогандык талиптерди колдойт деп эсептейт. Ушундан улам Хамид Карзай Пакистан менен жакындашуунун жолдорун издегенге мажбур.

Бирок Ахмединежаддын жанында туруп, ооган президенти сыпаа сүйлөп, Тегеран менен кызматташттыкты бекемдөөгө үндөдү:

Кымбаттуу бир тууганым, мен Улуу Иран эли бир тууган Ооганстан жергесинде бекем тынчтык орнотууга жардам берет жана кызматташат деп үмүттөнөм.

Ушул эле күнү ооган президенти Пакистанды көздөй аттанды. Хамид Карзай Исламабадда эки күн болот деп күтүлүүдө. Ооганстан үчүн талиптер менен согушту бүтүрүүдө Пакистан менен да, Иран менен да кызматташттык өтө зарыл болуп турган чак.

XS
SM
MD
LG