Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Д. Петреус сапары, Транзиттик борбор санаасы


АКШнын Борбордук командачысы Дэвид Петреус кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 2010-жылдын 10-марты.
АКШнын Борбордук командачысы Дэвид Петреус кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 2010-жылдын 10-марты.

10-мартта Бишкекке келген АКШнын Борбордук командачысы Дэвид Петреус кыргыз президенти менен жолугушуп, тараптар эки өлкө кызматташтыгын жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Анда "Манастагы" Транзиттик борбор боюнча келишимди узартуу маселеси каралганы ачыкталган жок.

Жолугушуунун сыры эмнеде?

Президенттин маалымат кызматы АКШ генералы Петреус менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусунда эки мамлекеттин ортосундагы алака-катнаш жана Ооганстандагы кырдаал гана талкууланганын билдирип, “Манастагы” Транзиттик борбор жана Баткенде ачылганы жаткан машыгуу борбору тууралуу кеп болгон-болбогонун ачыктаган жок. Петреустун сапарынын тартиби тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да алдын ала маалымат берген жок.

Маселеге көз салган талдоочулар өз кезегинде мындай сапарларды уюштурууга Транзиттик борбордун айланасындагы кырдаал түрткү болууда дешет. Бул Америкалык борборго байланыштуу Кыргызстандын бир жагынан Орусиянын, экинчи жагынан Ирандын кысмагына кабылып жатканы менен байланыштырылууда.

Саясат таануучу Марс Сариев буларды айтты:


- Кыргызстан азыр оор абалда болуп чоң мамлекеттерге кайсактап жатат. Акүйдөгүлөр транзиттик борборду жакында жапсакпы деген да ойлору бар. Анткени ал жакта АКШга каршы, транзиттик борборду чыксын деген күчтөр бар. Кыргызстан өзүнчө кайсактап атканын байкаган АКШнын аскерий өкүлдөрү бат-баттан келип, өздөрүнүн келишимин бекемдеп алалы деп жатса керек.

Марс Сариевдин пикиринде жакында эле Иранда террорчу Абдулмалик Риги кыргызстандык учактан кармалып, “АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борбору террорчуларды даярдайт” деген маалыматтар тарап, анын чуусу басыла электе эле Баткенде АКШнын колдоосу алдында машыгуу борбору түзүлгөнү жатканы Орусияны андан бетер кыжырданткандай болду.

Мындан сырткары Орусия -Кыргызстан мамилеси Камбар-Ата ГЭСине бөлүнгөн акча жана башка бир нече себептерден улам солгундай түшкөн учурду АКШ өз кызыкчылыгына пайдаланууда дейт жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев:

-Чындап эле Петреус менен Бакиевдин жолугушуусу боюнча коомчулукка көбүнесе Ооганстан тууралуу маалыматтар берилди. Анын ичинде дагы кандай маселелер боюнча талкуу жүргөндүгү жөнүндө көбүрөөк суроо жаралып жатат. Менин оюмча Американын акыркы учурдагы Кыргызстан менен мамилесин өзгөртүп, Кыргызстан Россия менен бир аз мамилеси начарлап турган маалда мамилени жакшыртып алайын деген аракеттеринин бири болушу мүмкүн деп ойлойм.

Аксакалдар Транзиттик борборго каршы...

Дагы бир белгилей турган жагдай: Дэвид Петреустун иш сапары башталган күнү аксакалдар кеңеши бүгүн маалымат жыйынын уюштуруп, анда Манастагы транзиттик борбордун өлкөдөн чыгарылышын талап кылган билдирүү таратты. Кеңештин мүчөлөрү Транзиттик борбордо террордук уюмдардын мүчөлөрү даярдалышы ыктымал экендигин айтып, бирок Канттагы Орусиянын аскерий базасынын калышын туура деп эсептешээрин билдиришти.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Үмөталиев “Азаттыкка” буларды айтты.

-Аксакалдар кеңеши АКШнын аскер базасын жабууну талап кылат. Аскердик учактардын келишине тыюу салыныш керек. Биз ойлойбуз, алардын гуманитардык же башка болобу жүктөрү жөнөкөй каттамдар менен деле ташыса болот. Кайрылууга 250 аксакалдын колу коюлду.

Үмөталиев транзиттик борборду чыгаруу үчүн кол топтоо дагы уланаарын кошумчалады. Саясат талдоочу Марс Сариев Аксакалдар кеңешинин билдирүүсүн кайсы бир күчтөр АКШнын Борбордук командачысы Дэвид Петреустун иш сапарына туштай билдирүү таратышты деп жоромолдойт:

- Бул аксакалдар жөн жерден көтөрүлбөйт. Биз билебиз мындай нерселер кандай учурда уюштурулаарын. Аксакалдар кеңеши жөн чыкпайт, бул дагы кайсы бир күчтөрдүн уюштурган иши. Кыргыз бийлиги Америкага айтат да “мына, карабайсыңарбы, эл дагы чыгып атат” деп. Көрдүңөрбү, азыр кайра эле соодалашмай башталды.

Ошентип АКШнын аскерий өкүлү Петреустун Кыргызстанга келиши көптөн бери тынчый түшкөн транзиттик борбордун тегерегиндеги маселелердин кайрадан жанданышына себеп болгондой. АКШ генералынын иш сапары эртең Чүй облусундагы “Аялдар борборунун” курулушунун ачылыш аземине катышуу менен уланат.

Генерал Петреус буга чейин Кыргызстанга өткөн жылдын август айында келип, "Манастагы" Транзиттик борбор ачууга уруксат бергени үчүн президент Курманбек Бакиевге ыраазычылык билдирген. Ушундай эле ыраазчылыгын АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук да 19-февралдагы иш сапарында билдирген эле.

АКШнын “Манас” аба-аскерий базасы былтыр июнда Транзиттик борбор болуп кайра түзүлүп, бул боюнча эки тараптуу келишим бир жылдык мөөнөт менен түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG