Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Нарындан келген өкүлдөр өкмөт менен келише алган жок


Бул тууралуу Нарындагы электр энергиясынын баасын арзандатуу кыймылынын мүчөсү Адыл Эсенбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бүгүнкү жолугушууда өкмөт башчы Нарында болгон митингде коюлган талаптарды аткара албасын билдирген. А. Эсенбековдун сөзү боюнча премьер-министр электр энергиясынын баасын арзандата албайбыз, артка жол жок деп билдирген. Ошондой эле Д. Үсөнов нарындыктардын саясий куугунтукка алынган И. Исаковду, Балыкчы жана Петровка чатагы боюнча камалып, соттолуп жаткандарды актоо, боштондукка чыгаруу талабын да аткара албасын, бул маселени сот чечерин билдирген. Ал эми “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” ишканалары банкрот болуп, өлкөнүн экономикасын артка тартып атканы үчүн сатылганын, Жетим-Тоо, Аксай жайлоолору сатылбай эле ижарага берилерин да маалымдаган. “Биздин талаптардын ичинен жалгыз эле Элдик курултайды өткөрүүгө Бишкектен орун берилгенин, ушул талап гана канааттандырылганын билдик. Өкмөт өзүнүн маалымат каражаттары аркылуу биз менен келишип алдык дегени чындыкка туура келбейт, биз өкмөттүн жообуна канаттанган жокпуз, талаптарды мындан ары да коюуну уланта беребиз,” дейт Нарындагы электр энергиясынын баасын арзандатуу кыймылынын мүчөсү Адыл Эсенбеков.
Нарындык өкүлдөр эртең кайра жолго чыгышмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG