Бул туралуу Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй Брюсселде грузин өкмөтүнүн башчысы Ника Гилаури менен жолуккандан кийин билдирди. Анын айтымында, эки тарап бул боюнча келишимге быйыл июнда кол коюшу мүмкүн. Мындан сырткары эркин экономикалык зона түзүү, Еврошаркеттин аймагында мыйзамсыз жүргөн грузин жарандарын депортациялоо жөнүндө да макулдашуулар болот.