Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Иракта шийит жана секулярдык биримдиктер теңме-тең келатат


Добуш саноодон бир көрүнүш, 16-март, 2010-жыл.
Добуш саноодон бир көрүнүш, 16-март, 2010-жыл.

Иракта 7-марттагы парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы маалым болду. Ага караганда, өкмөт башчысы, шийит саясатчысы Нури ал-Малики менен анын башкы атаандашы, секулярчы Иляд Аллави дээрлик бирдей сандагы добушка ээ болушту.

- Багдадда добуштардын 77 пайызы саналды, Дохукта 70.21 пайызын, Арбилде 73.4, Сулайманияда 79, Ниневедхте 80.22 пайызын санап чыктык.

- Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Амал ал-Караик-дар ушул шейшембиде парламенттик шайлоодо берилген добуштардын дээрлик 80 пайызы саналып бүткөндүгүн ушундайча бышыктады. Ага ылайык, 7-марттагы шайлоодо марага өкмөт башчысы Нури ал-Малики менен анын секулярдык атаандашы Иляд Аллави биринчилерден болуп теңме-тең келатышат. Аллавинин Иракия коалициясы ал-Маликинин Мыйзамдуу Мамлекет биримдигинен болгону 9 миңге жетпеген добуш менен алдыда.

Шийиттердин диний тобу саналган Ирактын Улуттук Алянсы үчүнчү болуп келет шекилдүү, ал эми автономдуу күрт аймагындагы эки ири күрт фракциясынан турган Күрдистан Биримдиги эң көп добуш алгандардын тизмесинде төртүнчү болот деп күтүлүүдө.

Добуштардын дагы 20 пайызы санала электигин эске алганда, эң алдыңкы эки уюшманын кимиси жеңээрин айтуу азырынча мүмкүн эмес - тараза ташы оңой эле тигил же бул жагына ооп кетиши мүмкүн.

Багдад кайсы партия ким менен биригип, кандай коалиция түзөт деп уу-дуу болуп жаткан чак. Бирок көз карандысыз Жогорку Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Касим ал-Абуди добуш берүүнүн жыйынтыгы бүгүн-эртең чыкпай тургандыгын мындайча эскертти:

Шайлоонун толук жыйынтыгын жарыялоо үчүн бизге дагы бир нече күн керек. Жыйынтыкты жарыялаганда пресс-конференция өткөрөбүз. Анын алдында Шайлоо комиссиясынын кеңеши соңку жыйынтыкты жактырышы керек.

Жыйынтыктоо ишин шайлоо мезгилиндеги эреже бузуулар тууралуу көптөгөн арыздар татаалдаштырууда. Мындай арыз менен эң алдыңкы эки партия да кайрылган. Бирок Бириккен Улуттардын Багдаддагы өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына шек келтирүүчү масштабда мыйзам бузуулар болгондугуна далил жок экендигин билдирди.

Азыртадан эле Ирактын жаңы парламенти азыркысынан караманча бөлөк болоорун болжошууда. Азыркы парламентте шийиттердин диний партиялары үстөмдүк кылышат. Алар суни араптарынын басымдуу бөлүгү добуш берүүнү бойкоттогон 2005-жылдагы шайлоодо шайланышкан. Бул ирет суннилер добуш берүүгө кеңири катышып, анын аркасы менен Алавинин секулярдуу, же динден ажырым Иракия партиясы алга озуп чыкты.

Кошмо Штаттары август айынын этегине чейин Иракта турган 100 миң аскеринин жарымын чыгарып кетүүгө үмүттөнүүдө. Калгандар машыктыруу өңдөңгөн согуштук эмес операцияларга тартылат. Америкалык кол башчылар 7-марттагы жалпы жонунан тынч өткөн добуш берүүнү Ирактын тынчтык жолго түшүшүнүн белгиси катары баалашууда. Америкалык генерал Давид Петреус шейшембиде АКШ Сенатынын комиссиясында аскер чыгаруу планы так сакталат деген ишенимин билдирди. Америкалык аскерлердин калганы 2011-жылдын аягына чейин алынып кетүүгө тийиш. Бирок Петреус Иракта абал кылдын учунда экендигин да белгиледи.

XS
SM
MD
LG