Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

БЭК “Азаттыкты” обого чыгарууну талап кылган билдирүү таратты


Бириккен Элдик кыймыл “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына тынчсыздануу билдирип, бийликтен аталган маселени чечүүнү талап кылган билдирүү таратты. Билдирүүдө өлкөнүн аймактарында жашаган эл так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы белгиленген. 2005-жылы март окуясынын алдында дагы “Азаттык” үналгысынын уктурууларына Акаевдин авторитардык бийлиги тыюу салганын эскертип, азыркы бийликке ал сабак болбогону айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө өлкөдө саясий кырдаал курчуп жатканда “Фергана.ru”, “Центразия.ru”, “Белый парус”, интернет басылмаларынын ачылбай жатканына дагы тынчсыздануу белгиленген.

БЭК “Азаттык” үналгысынын жабылышы боюнча 17-мартта Элдик курултайда кабыл алынган чечимди толук колдой турганын, сөз эркиндигин жана басылмаларды “муунтканды” токтотууну бийликтен талап кылган.

Президент Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Максим Каганер бийлик тарабынан “Азаттыкты” уктурбоо боюнча көрсөтмө болбогонун, бул маселени тыкат иликтеп чыгышарын айткан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG