Бээжин Кошмо Штаттарга кайрылып, кытай валютасы - юанга кысым көрсөтпөөнү сурады. Вашингтон юандын наркы атайылап төмөн кармалууда жана АКШнын экспортун кымбат кылууда деп санайт. Кытай Соода министрлигинин өкүлү Хи Нингдин эскерткенине караганда, америкалык 130 конгрессмендин юанга каршы чара көрүүгө чакырып жазган ушу аптадагы каты Бээжин-Вашингтон арасындагы диалогго жасалган кысым ирети баалынышы мүмкүн жана сүйлөшүүгө зыян келтириши этимал.
Нингдин сөзүнчө, Кытай АКШнын финансы министрлигинин баалуу кагаздарын сатып алып, өлкөнүн финансылык стабилдүүлүгүнө салым кошкон.