Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

“Ак шумкардын” 3 мүчөсү Коопсуздук Комитетине чакырылды


Актиивисттер кечээ партиянын бийликке койгон беш талабы жазылган баракчаларды таратып жүргөн жеринен кармалышып, милициянын райондук бөлүмдөрүнөн эскертүү алып, бошотулушкан. Коопсуздук Комитети бул чакырууну алдын алуучу чаралар деп түшүндүрүүдө. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугун карап көрүүнү сурап Баш прокурор Нурлан Турсункуловго, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге жана Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин төрагасы Марат Суталиновго бүгүн арыз жолдонгондугун партия лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Жазылган каттарды бул күнү Башкы прокуратура менен ИИМ кабыл алган жок.
Өзүнүн беш талабын Ынтымак курултайына тапшыруу үчүн 23-мартта Улуттук Филармониянын алдына “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү жана тарапкерлери чогулаары мурда жарыяланган. Беш талаптын ичинде “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелекомду” мамлекетке кайтаруу, тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү, президенттин баласын, биртуугандарын мамлекеттик кызматтардан кетирүү, мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик органдарды жоюу, Конституцияга өзгөрүү киргизүүнү токтотуу жана камакка алынган саясатчыларды бошотуу талаптары бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG