Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

2009-жылы “Кумтөрдөн” 2,5 млрд. сом түштү


Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнөв бүгүн Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, бул жалпысынан мындан беш жылга салыштырмалуу 11 эсеге өскөн. Ошондой эле жылуулук жана электр кубатына тарифтердин жогорулашына токтолуп, бул чечимди мындан беш жыл мурда кабыл алыш керек эле деген оюн айтты. "Кумтөр” ишканасынын кирешеси жогорулап, Ысык-Көл фондусу түзүлдү. Учурда ага 200 млн. сом бөлүндү. Ал эми тарифтер боюнча, энергетиканын акыбалын билебиз. Адис чапанын жамынып алып сүйлөгөндөр көп”, - деди Д.Үсөнөв. Анын айтымында, тарифтердин жогорулашына байланыштуу социалдык пакет үчүн бюджеттен 6,3 млрд. сом бөлүнгөн. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо, Билим берүү тармагына быйыл 5 млрд. сомдон ашуун каражат бюджеттен каралганын билдирди. Ошондой эле премьер-министр мурдагы бийликтен эл эч нерсе сурабай калганын, азыркы бийликтин колунан бир нерсе келе турганын, бүгүнкү Ынтымак курултайда өкмөттүн дарегине айтылган айрым сын-пикирлер чындыкка коошпой турганын, ишин аткарбаган жетекчилерди беш мүнөттө кызматынан алууга кудурети жете турганын айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG