Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Темир Сариев: Бизди кармоого жогору жактан буйрук болгон


Темир Сариевди милиция кызматкерлерине кайрылып сүйлөп жатат
Темир Сариевди милиция кызматкерлерине кайрылып сүйлөп жатат

Ынтымак курултайынын делегаттары менен жолугушуп, аларды өздөрүнүн талаптарын тапшыруу үчүн улуттук филармониянын алдына чыккан “Ак шумкар” партиясынын жыйырмадай өкүлүн милиция кармап барып, 16 адамды соттоп, миң сомдон - эки миң сомдон акчалай айыпка жыкты. .

Окуянын чоо жайын "Азаттыкка" “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев өзү айтып берди.

-Эрте мененки окуя тууралуу айтып берсеңиз, сиздин тарапкерлериңизге милиция тараптан күч колдонуу болгону айтылууда?


-Эрте менен биз саат сегизден он-он беш мүнөт өткөндө “Океан” магазинин жанына чогула баштадык. Аркы жакта граждандык кийимчендер, милиция өкүлдөрү топтолуп турушту. Анан эле райондук прокурор келип, үстүндө Сариев деген жазуусу бар кагаз карматты. Мурун компьютерде атайын даярдалган номуру да, бүгүнкү күндүн датасы да жок баракча экен.

Мен айттым, "муну кантип алам, датасы жок же номуру жок болсо" деп. Ошондон эки-үч мүнөт өтпөй эле "баарыңар тизилгиле!" деген команда болуп, кармап эле машиналарга тыгып башташты. Мен ойлойм, милиция кызматкерлерине жогору жактан саясий буйрук болгон. Алардын оюнда саат тогуздарда президент келгенге чейин анын көзүнө көргөзбөй чыгарып кетиш керек болчу. Экинчиден, алар элдин көбөйүп кетишинен коркушту. Милиция кызматкерлеринин бүгүнкү жасаган ишинин баары мыйзамга каршы келет.

-Темир мырза, азыр Биринчи май райондук соту сиздердин таламдаштарыңыздарга акчалай айып салган чечим чыгарып жатат. Мындай чечимге сиз кандай көз караштасыз?

-Биринчиден, бардык административдик иштер көчүрмөдөн өткөрүлүп, бирдей нукта жазылган. Экинчиден, бардыгына тең стандарттуу түрдө айып коюп атышат. Ал адамдар эмне кылмыш кылды, эмне чакырык салды же милицияга тоскоолдук кылдыбы? Анын баары үстүрт эле каралды. Ленин райондук сотунун чечимине таянып мыйзам бузду деп жатышат. Соттун чечиминде Темир Сариевге эртең мененки саат тогуздан кечке чейин акция же митинг өткөрүүгө тыюу салган. Бирок саат тогузга чейин деп жазылган эмес. Биз өз укугубуздан колдонуп саат тогузга чейин өткөрдүк иш-чарабызды.

-Сиздерди милиция күч менен ички иштер бөлүмүнө алып келгени тууралуу бүгүнкү курултайда президентке айтышыптыр. Президент Курманбек Бакиев буга жооп катат деп ойлойсузбу?

-Эң өкүнүчтүүсү, президент өзү Ынтымак курултайы деп чакырып алып, аны чаң-тополоң менен баштап жатат. Бул бир. Экинчиден, ал ошол жерде отуруп алып “беш жыл мурун мен элдин мүдөөсү менен келгенмин” дейт. Анда бүгүн биз эмне - койбузбу? Же асмандан түштүкпү? Элдин мүдөөсү менен келсе биздин да оюбузду угушу керек да. Мына, бүгүн ага кызмат кылабыз деп укук коргоо органдары шылдың болду, шерменде болду! Биздин үнүбүздү бууйбуз деп атышып, кайра элге абдан сонун жеткирип беришти. Азыр коомчулук Ынтымак курултайын эмес, бизди кантип кармап кетишкенин талкуулап жатат.

-Эмки кадамдарыңыз кандай болот?

-Аягына чейин күрөшөбүз. Өз максатыбыздан кайтпайбыз. Элдик курултайдын чечимдери, андан сырткары өзүбүздүн беш талабыбыз аткарылмайынча ишибизди уланта беребиз.

-Маегиңизге рахмат!



  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG