Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Москва метросундагы жардыруудан жапа чеккендер такталууда


Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын, Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий малыматына караганда 29-мартта эки метродогу жардыруудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок. "5-6 адамдын сөөгү таанылбай жаткандыктан улам алардын арасында Кыргызстандыктар жок деп бир жактуу айтуудан дагы алыспыз",- деп билдирди Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин юристти Алмаз Абдысияев.
Маалыматтарга караганда кечээ эртең менен Москванын “Лубянка” жана “Парк Культуры” метробекетиндеги жанкечти аялдар жардырган бомбадан каза болгондодун саны 39 адамга, жарадар болгондордун саны 71 адамга жеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG