Бүгүн биринчи жолу Россия жана Польша 1940-жылы СССРдин коопсуздук кызматтары өлтүргөн миңдеген поляктарды эскеришет. Катындагы салтанатка премьер-министр Путин жана анын польшалык коллегасы Доналд Туск катышат. Сталиндин буйругу менен атылган 20 миңдей адамдын ичинде офицерлер жана интеллигенциянын өкүлдөрү да болгон.