Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Э.Ибраимова: "Президент бийликти кансыз жол менен өткөрүп берүүгө тийиш"


Бүгүн камактан бошотулган экс-депутат Элмира Ибраимова "Азаттыкка" президент кызматынан тынч жол менен кетүүгө тийиш деп билдирди.

“Азаттык”: - Элмира айым, кырдаалды жөнгө салуу үчүн оппозициячыл топ кандай аракеттерди көргөн жатасыздар?

Э.Ибраимова: - Биздин ар бирибизди ар жакка камап салышкан. Азыр эле чыгып, бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк боло элек. Бирок азыр кырдаал минтип курчуп бараткандан кийин аны сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга аракет кылабыз. Ошон үчүн азыр Темир Сариев менен Иса Өмүркулов бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Албетте, биз адам өлүмдөрүн болтурбаш үчүн аракетти бир нукка салып, бийликти кансыз жол менен өткөрүп берүүгө президентти ынандырышыбыз керек. Бирок ал Курманбек Бакиевдин даанышмандыгына байланыштуу. Эгер президент артка кайтпай турган болсо, менин оюмча, эл ага мындан ары чыдай албайт.

“Азаттык”: Бийликти кансыз жол менен өткөрүп берет деген ишеним барбы?

Э.Ибраимова: - Биз жок дегенде деп үмүттөнүп турабыз. Анткени азыр 40-50дөй адам курман болду деп жатышат. Карагылачы, адамдарды аткылап жатышпайбы! Ошон үчүн президенттин кызматынан тынч кетиши зарыл.Бирок бул анын даанышмандык деңгээлине байланыштуу болуп турат.

“Азаттык”: - Президент өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жардыгын жарыя кылды. Ал күчүнө кирсе абал кандай болот деген ойдосуз?

Э.Ибраимова: -Ал жардыкка Жогорку Кеңеш макулдугун берген жок да. Парламентте кворум болбогондон кийин, макулдук бербегенден кийин жардык күчүнө кирбейт. Демек, коменданттык саатты киргизе албайт жана армияны колдонгонго да укугу жок.

XS
SM
MD
LG