Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

УТРКда “Азаттыкты” обого чыгаруу аракети көрүлүп жатат


Бул тууралуу Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациянын жаңы шайланган директору Кубат Оторбаев кабарлады. Ал учурда жамаат менен таанышып, 7-апрелде талкаланган беш жүз миң долларлык аппаратты калыбына келтирүү аракетин көрүп жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Ал буга чейин эле УТРКны коомдук телевидениеге айлантуу демилгесин жактап келгенин айтып, “ишти жандандырып эфирге чыга баштадык. Коомдук телевидениени чечүү – коомчулуктун талкуусу жана азыркы бийликке келгендердин саясий эркинин негизинде чечилчү маселе” дейт К.Оторбаев. Ошондой эле талкаланган аппараттар калыбына келгенде “Азаттык” берүүлөрүн обого чыгаруу маселеси чечилээрин, ал эми “Ыңгайсыз суроолор” теле көрсөтүүсү бүгүн кечинде эфирге чыга турганын кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG