Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

К.Бакиев: Мен эмес, оппозиция жеңилди


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев Орусиянын “Москва жаңырыгы” радиосуна берген маегинде билдирген. Ал өзүн өлкөнүн түштүгүндө экенин айтып, “бүт эл тарабынан шайланган президент өзүнүн элине кантип курал колдонсун” деп сүйлөдү. Аталган радионун суроосуна жооп берип жатып, президент эч кандай жеңилбегенин, тескерисинче, оппозицияны жеңилди деп ойлой турганын айтты. Азыркы убактылуу өкмөт деп атаган жетекчилер мамлекетти жетектей албай турганын, президенттик мандаттан аны эч ким ажыратпаганын белгилеп өттү. “Июнь айында эле Кыргызстан эли президент кылып шайлаган. Андан бери тогуз ай да өтө элек. Жакында болуп өткөн Ынтымак курултайы, ага келген эл өкүлдөрү деле тастыктап турган. Анан элдин маанайы ушунча тез өзгөрөт беле”, - деди К.Бакиев. Ошондой эле ал маегинде сырткы өлкөнүн кийлигишүүсүз бул окуя болбой турганын, бирок азыр кайсы өлкө экенин айтуудан баш тартты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG