Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Вашингтондо өзөктүк курал боюнча дүйнөлүк жыйын башталды


Эки күндүк жыйынды АКШнын президенти Барак Обама ачты, ал өзөктүк куралдын террористтердин колуна өтүп кетиш мүмкүнчүлүгү бүгүнкү күндөгү башкы коркунуч деп эсептейт.

47 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан Вашингтондогу жыйын өзөктүк куралдын жайылышын чектөө максатын көздөөдө. Жекшемби күнү Индия менен Казакстандын президенттери менен жолуккандан кийин Барак Обама өзөктүк курал боюнча саммиттин максатын мындайча баяндады:

Саммиттин башкы көздөгөнү АКШнын жакынкы жана келечектеги коопсуздугуна шек келтирүүчү эң башкы коркунуч - террордук уюмдун өзөктүк куралга ээ болушун алдын алуунун жолдорун аныктоо болмокчу.

Обама ошондой эле дүйнөдө өзөктүк материалдар көзөмөлсүз калган учурлар көп болуп жаткандыгын белгилеп, жыйында эл аралык коомчулук мындай материалдарды көзөмөлдөөнүн так аныкталган планын иштеп чыгышы керектигин билдирди.

9-апрелде Ак үйдүн улук кызматкери Бен Родес Вашингтонго ушунча элден мамлекет башчылардын келип жатышынын өзү эле маселенин канчалык курч экендигин көрсөтөт деген:

– Бул маселе боюнча буга чейин мындай деңгээлде жыйын болгон эмес. Ядролук коопсуздук маселеси мынчалык деңгээлде ушунча өлкө тарабынан талкууланган эмес. Америкада президент ушул маселеге арналган жыйынды ондогон жылдардан бери биринчи жолу өткөрүп отурат. Бул ядролук терроризм коркунучу канчалык олуттуу экендигин айгинелейт.

Өткөн жумада Обама Орусия менен ядролук куралдарды кыскартуу тууралуу жаңы ири келишимге кол койгон эле, ал ошондой эле Кошмо Штаттары ядролук куралды колдонушу мүмкүн болгон учурлардын санын азайтууну караган жаңы улуттук стратегияны жарыялаган.

Мына ушул окуялар биригип келип, АКШ президентинин өзөктүк куралды чектөө ниетине өзгөчө жагымдуу шарт түзүүдө дейт Родес:

- Бул аракеттер бир бирин бекемдейт. Биздин ишенимибизде, алар бул маанилүү маселедеги эл аралык кызматташттыкты күч алдырат. Менимче алар мамлекеттерди кызматташпаган өлкөлөргө үлгү болуп, өз ара кызматташып, өз милдеттерин аткарышына жагымдуу шарт түзөт. Бул акыры барып, АКШнын гана эмес, бүт дүйнөнүн коопсуздугун бекемдейт.

Ак үйгө ылайык, жыйындын максаты өзөктүк материалдардын террористтердин жана мамлекеттик эмес тараптардын колуна түшүүсүнө жол бербөө болуп саналат. Жыйындын соңунда өзөктүк материалдардын жана технологиялардын мындай тараптарга өтүшүн алдын алуунун жолдору айтылган билдирүү кабыл алынууда.

Адистер Обаманын көздөгөн максатын ишке ашыруу татаал болоорун белгилешүүдө. Чарлз Фергусон 1945-жылы АКШнын биринчи атомдук бомбасын ойлоп тапкан окумуштуулардын федерациясына мүчө:

– Биз бир аз ойлонуп, акыл калчашыбыз зарыл. Айтканга оңой, бирок иш жүзүндө анализдеп көрсөңүз, бардык материалдар деген эмне? Ядролук курал программасында колдонулган материалдарбы? Же жарандык программаларда колдонулган, курал жасоого да жарай турган материалдар жөнүндө сөз болуп жатабы? Эгер бул чын болсо, анда биз өз союздаштарыбыздын арасында да өтө көп кырдуу татаал талаштарга туш келебиз.

Жыйындын алдында Обама казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, Казакстандын өз аймагында эл аралык ядролук отун банкын жайгаштырууну сунуш эткендигине ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG