Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

АКШ кыргыз эли жаңы бийликке шайлоодо ишеним көрсөтөт деген үмүттө


15-апрелде АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Филип Кроули Кыргызстандагы саясый процесстерге байланыштуу билдирүү жасады жана 7-апрелдеги окуялардын “Манас” транзиттик борборуна тиешеси жок экенин баса белгиледи:

- Бул окуянын “Манаска” тиешеси жок. Арийне, Кыргызстанда саясый козголоң болду. Өлкөдө алты ай ичинде шайлоо өткөрүлгөнү жатат. Бул шайлоодо жаңы өкмөт кыргызстандыктардын колдоосун алат деп үмүттөнөбүз. Биздин көңүл чордонубузда ушул маселе турат.

Филип Кроули АКШ өкмөтү Кыргызстандын экономикалык жактан гүлдөп-өсүшүн каалаганын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG