Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Пакистанда күйүүчү май тарткан унаа жардырылды


Пакистандын түндүгүндө НАТО күчтөрүнө күйүчү май тартып бараткан эки автоцистерна жардырылды. Жарылуу болгон маалда жолдо кетип бараткан машина өрттөнүп, 6 киши жараланды. Жакын жердеги дүкөндөр да өрттөнгөнү маалымдалууда. Хайбер районунун жетекчилиги билдиргенине ылайык, жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Буга чейин ушундай эле кол салуулар үчүн жоопкерчиликти Талибан менен байланышта турган Лашкар-э-Ислами тобу алган.

XS
SM
MD
LG