Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Пакистанда кечээ эки жардыруудан кеминде 21 адам мерт болду


Дүйшөмбүдө эрте менен Пешавар шаарындагы мектептин жанында бомба жарылып, бир жаш бала набыт болду, 10 окуучу жаракат алды. Ушул эле күнү ошол шаардагы базарда жардыруудан кеминде 20 адам өлдү. Теракт “Жамат-э-Ислами” партиясынын митинги учурунда болду. Алар өлкөдө президенттин бийлигин чектеген чечимге каршылык билдиришкен. Кечээ өлкөдө президент Асиф Али Зардари өзүнүн укуктарын чектеген мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, президент эми парламентти тарката албайт, премьер-министрди кызматтан бошото албайт.

XS
SM
MD
LG