Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

НАТО жыйынына асман ачылса, орус «түтүнү» каптоодо


Европада асман Исландияда жарылган жанар тоонун түтүнүнөн арылганда, НАТОнун тышкы иштер министрлери жеңилдене дем алышты. Ансыз бүгүн-эртеңге (22-23-апрелге) белгиленген НАТО жыйыны үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн эле. Жыйындын күн тартибинде Орусия менен Ооганстанга айрыкча орун берилет деп күтүлүүдө.

НАТО соңку кездери Орусия менен алакасын жымсалдаганга бир топ аракет жасады. Бирок ортодо кансыз согуштун мезгилиндегидей суук шамал ыркырабаса да, ичиркенткен муздак желдин илеби дале сезилип турат.

Таллиндеги жыйындын чегинде НАТО-Орусия кеңешинин кезектеги отуруму болмок, бирок Москвадан андан баш тартканы НАТОну ойго салып турган чак.

НАТОнун жаңы жетекчиси Андерс Фог Расмуссен Орусия менен жылуу-жумшак мамиле түзүүнү көздөйт. 19-апрелде Брюсселде сүйлөгөндө ал келечектеги НАТО менен Орусиянын ортосундагы биргелешкен ракета системасы кызматташтыктын өзөгүн түзүп калышы керектигин мындайча билдирди:

– Ракетадан коргонуу системасын курууга Орусиянын да тартылышы чыныгы европалык коопсуздук системасын түптөөгө көмөк болот. Мунун баарыбыз каалайбыз.

Буга чейин НАТО Европанын коопсуздугуна байланышкан бардык маселелерди ЕККУнун чегинде чечүүгө артыкчылык берип келген. Бирок андай сүйлөшүүлөргө Москва менен кырды-бычак мамиледеги Украина менен Грузия да кошулат. Москвадан чочулаган бул эки өлкө НАТОго кирсек дегенде ак эткенден так эткени менен, мүчөлүк тууралуу азыр сөз кылуу али кыйын.

Москва менен кызматташтытк чыныгы европалык коопсуздукту түптөөгө көмөк болот. НАТОнун баш катчысы
Бул жумадагы жыйындын конок ээси болгон Эстониянын да мурдагы баскынчы кожоюну Орусия менен мамилеси түзүк эмес. Таллиндеги борбордук аянттардын биринен Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги советтик аскерлерге арналган мемориалдын мындан 3 жылча мурда алынып салынышы эки ортодогу мамилени айрыкча курчутканы али жадыда.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Пает НАТОнун Орусия менен мамилесин «алжыгандардын алакасына окшош» деп мүнөздөйт. Бирок Расмуссен жалпы кызыкчылыктарды талаш маселелерден өйдө коюш керек деп эсептейт:

– Бизде Орусия менен пикир келишпөөчүлүктөр болушу мүмкүн. Бирок террорчулук сыйктуу эки жакка тең коркунуч келтирген тармактарда биздин Орусия менен кызыкчылыктарыбыз бирдей.

АКШнын президенти Барак Обама да Орусия менен алакаларга чоң маани берээри маалым. Ал өзөктүк куралдардын санын кыскартууда Москвага айрыкча ишеним артат. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү айдын башында ал Прагада орус президенти менен өзөктүк куралдардын санын кыскартууну караган, тарыхый деп бааланган жаңы келишимге кол койду.

Бүгүн-эртеңки НАТО жыйынында Ооганстан да күн тартибинде алдыңкы катарда турат. НАТО бул өлкөдө талип козголоңчуларына каршы татаал согушун улантууда. Учурда уюмдун алдында ооган армиясы менен тартип коргоочуларын жетиштүү санда машыктыруучулар менен камсыздоо жана айрым дубандарда коопсуздукту камсыздоону ооган тарапка акырындык менен өткөрүп берүү маселеси турат.

XS
SM
MD
LG