Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

К.Бакиевдин бир тууганы Акматтын дайынсыз жоголгону кабарланууда


Бул тууралуу кечээ кечинде К.Бакиевди колдоочулар тобунун штабы маалымат таратып, анда экс-президенттин бир тууганы Акмат Бакиевди күндүз белгисиз бирөөлөр сүйлөшүү жүргүзө тургандыктарын билдиришкени айтылат. Алар А.Бакиевдин дайынсыз жоголушуна Убактылуу өкмөттүн тиешеси бар деген шектенүүлөрүн билдиришүүдө.
Жалал-Абаддагы “Азаттыктын” кабарчысы К.Бакиевдин кичүү иниси Каныбек Бакиев менен телефон аркылуу байланышканда ал, “Кечке маалы Акмат телефон чалганда, атылган октун үнү чыгып, кыйкырык угулуп, ошондон кийин Акмат менен байланыш үзүлдү",-деп маалымдаган.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев кечээ кечинде УТРКда берген маегинде Убактылуу өкмөттүн бул окуяга тиешеси жоктугун, эгерде ал убактылуу өкмөт тарабынан кармалса сынак аркылуу көрсөтүлүп, коомчулукка жарыяланмак деди. Ал ошондой эле Акмат Бакиев буга чейин криминалдык топтор менен байланышы бар экендиги, башка дагы талаш-тартыштуу маселелерге тиешеси бардыгы тууралуу маалымат болгондугун белгиледи.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү Акмат Бакиев менен сүйлөшүүгө барбаганын жана аны менен сүйлөшүүгө көрсөтмө болбогунун “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Б.Асановдун айтымында, бул А.Бакиевдин кезектеги жалган инсценировкасы. (AJ)

XS
SM
MD
LG