Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга президент катары кайтуу ниети жок


Мекенинде бийликтен кулатылган Бакиев бул тууралуу бүгүн Минск шаарындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. Бирок ал кызматтан чегинүү жөнүндөгү арызын тааныбары жөнүндөгү мурдагы турумун бүгүн дагы кайталады. Бакиевдин айтымында, ал президентиктен чегинүүгө макул болгондо кызматташтарына, жакындарына, туугандарына куугунтук жасалбаары убада
кылынган. “Азыр баары тескерисинен болуп жаткандыктан, экинчи тарап убадасын аткарбагандыктан, мен кызматтан чегингенимди тааныбайм”,- деди Бакиев Минск шаарындагы маалымат жыйында. (UE)

XS
SM
MD
LG