Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргыз-казак чек арасы дүйшөмбүдө ачылышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ушул тапта кыргыз жарандары Казакстандын аймагына өткөрүлбөйт, бирок Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө мүмкүн. Башка өлкөнүн жарандары дагы Казакстан тараптан өтсө болот. Маалыматка караганда, мындай жагдайда өзгөчө Казакстан менен иштешип аткан жарандар, бизнесмендер жабыр тартууда. Андыктан учурда чек араны ачуу боюнча эки өлкөлөрдүн өкмөттөрү ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат жана чек ара дүйшөмбүдө ачылаары күтүлүүдө.

Ал эми кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен жабык болсо, кыргыз-кытай-тажик чек аралары демейдегидей эле иштөөдө. (AiJu)

XS
SM
MD
LG