Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

И. Болжурова: "Мен кыргыз элине, кыргыз жерине иштеп атам"


Кыргызстандын Беларустагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ишенгүл Болжурова 23-апрелде Минскиде маалымат жыйынын чакырып, кыргыз элинин тарыхый тандоосун жана Убактылуу өкмөттү колдоого алуу чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылды.

Элчи айым Беларустун президенти А. Лукашенко К. Бакиевди жеке өзүнүн чечими менен чакырып алганын, ошондуктан муну Беларус элинин чечими деп кабыл албаш керек деп “Азаттыкка” берген маегинде баса белгиледи.


- Ишенгүл айым, бүгүн маалымат жыйынын өткөргөнүңүз кабарланууда. Ушул маалымат жыйында эмне жөнүндө сөз болду?

- Бүгүн Кыргызстандын Беларустагы элчилигинде чоң маалымат жыйынын өткөрдүк. Ал жыйынга 15 өлкөнүн, анын ичинде Орусия, Казакстан, АКШ, Кытайдын дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышты. Ал эми кырктан ашык маалымат каражаттарынын, алсак Рейтер, ИТАР-ТАСС агенттиктеринен,“МИР” телеканалынан келишти.

Мен бул жыйында азыр Кыргызстанда болуп аткан саясий жана социалдык-экономикалык абалды, азыркы өкмөт жасап жаткан ишти айтып бердим. 16-апрелде К. Бакиев өзү арызын жазып берип кол коюп, президенттикти тапшыргандан кийин эл аралык коомчулук де-факто убактылуу өкмөттү колдогону жөнүндө, азыр конституциялык реформага баратканыбызды айттым. Азыркы социалдык маселелер чечилип, абал оңолуп атканын айттым. Чукул чараларды кабыл алып, жылуулукка, сууга, электр энергияга тарифтерди мурдагы калыбына алып келди жана мектептер, жогорку окуу жайлар, ооруканалар жакшы иштеп атат. Дегеле Кыргызстанда стабилдүүлүк бүт райондорго келди, эл жер айдоо менен алпурушуп атат деп айттым.

Ушул убакта эл аралык коомчулукка кайрылып гуманитардык жардам сурадык, демократиялык жолго түшүш үчүн референдум өткөрүп, жаңы Конституцияны кабыл алган атабыз. 27-июнда кудай буюрса референдум болот, 10-октябрда парламенттик шайлоо болот. Биздин менталитетибизге парламенттик республика көбүрөк жакын деп айттым. Эл аралык коомчулукка, эл аралык финансы институттарга, регионалдык коомчулукка кайрылып, биздин жаш өлкөбүз баары менен тең бирдей, эки тараптуу жана көп тараптуу саясатыбызды туруктуу улантып, өзүбүзгө алган милдеттерди сөзсүз аткарабыз деп айттым.

"Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" дегендей, кеткен эки президентке тең биз ишендик эле, бирок ишеничибизди аткарган жок. Элибиз өзү таланттуу, жакшы эл, жаңы жолго, жаңы турмушка жетет деп ишенем. Баарыңар тең объективдүү баа берип, биздин элди колдосоңор, азыр оор убакта бизди түшүнгүлө, жардам бергиле дедим.

- Сиз азыркы убактылуу иштеп аткан иштери менен кабарыңыз бар да. Анан ар кандай сөздөр айтылып атат, бул мыйзамсыз, легитимсиз деген. Сиз өзүңүз кандай баалайсыз, азыркы убактылуу өкмөттүн ишмердигин?

- Бакиев кеткенден кийин убактылуу өкмөттү де-факто эл аралык коомчулук таанып колдоп атат. Албетте, биз азыр акырындап укуктук конституциялык жолго кайра келебиз. Элибиздин каалоосу боюнча ушундай революция болгондон кийин кичине убакыт өтсүн, биз бүт мыйзамдык конституциялык жолго түшөбүз. Азыр көп нерселер жасалып атат. Мына Конституциялык кеңеш болгон атат, референдум жасаган атабыз. Орусия, АКШ, Кытай, Евробиримдик, жаныбыздагы кошуналардын баары тең де-факто биздин убактылуу өкмөткө ишенип атышат, аларга гуманитардык жардам жиберип атат.

- Мурдагы президент К.Бакиев аялы жана бала-чакасын алып, А. Лукашенконун менен чакыруусу менен барып Минскиде байыр алып калды. Кыргыз коомчулугу элдин канын төккөн президенти калкалап, сый көрсөтүп жатат деп Беларус президентине нааразы болуп жатат.

- Биринчиден, Беларус көз карандысыз мамлекет. 20-апрелде элине жана парламентине кайрылганда Лукашенко бул анын жеке өзү кабыл алган чечим экенин айтты. "Мен парламенттен дагы, өкмөттөн дагы сураган жокмун. Бакиев менин коногум болот. Өзүм жеке чакырган коногум болот" деп айтты. Жеке мааниде карым-катышы бардыр. Бизге элчиликке кайрылган жок. Бирок муну бүт беларус элинин чечими деп да кабыл албашыбыз керек.

- Демек, Бакиев Кыргызстандын элчилигине келген эмес турбайбы?

- Жок. Келбейт да, кайсы бети менен келет.

- К. Бакиев Минскиден маалымат жыйындарын өткөрүп, өзүн дагы эле президент катары эсептей турганын билдирип, Убактылуу өкмөттү тааныбаганга чакырып жатат эл аралык коомчулукту. Анын мындай иш-аракеттери Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Мен жаным менен дагы, оюм менен дагы, ыйым менен дагы күнүгө Кыргызстандамын. Бирок мен бул жердемин. Беларуста элчиликте кыргыз элинин кызыкчылыгын жактап аткан кишимин. Менимче буга көп көңүл бурбаш керек. Өзүңөр билесиңер, 2005-жылы деле Акаев канча билдирүүлөрдү жасады эле. Экөө окшошуп калышты. Ошондуктан азыр убакыт өтсүн, жарабыз катысын. Баары өз убактысында келет. Баягы "кербен жүрө берет, ит үрө берет" дегендей, биз эч нерсени карабай, элибиз бөлүнбөй-жарылбай алдыга жүрүшүбүз керек, артка карабашыбыз керек. Келечегибизди, балдарыбызды, Кыргызстандын, мамлекеттин келечеги жөнүндө ойлошубуз керек.

- Убактылуу өкмөт мурдагы бийлик менен иштеп жүргөн элчилердин айрымдарын да алмаштырып атпайбы, а Сизге кандай мамиле кылып жатат?

- Мен бул жерде бирөөнүн элчиси эмесмин, мен Кыргыз Республикасынын элчисимин. Ошондуктан кыргыз элине, кыргыз жерине иштеп атам. Мага биздин жетекчилерибиз, борборубуз эмне айтса ошону жасап атам. Ал эми менин борборум - Бишкек.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG