Кол салуу өлкөнүн түштүк –чыгышындагы Хост провинциясында, НАТО базасынын сыртында жасалды. Ооган ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, автоунаа айдаган жанкечтинин кол салуусунан бир жөн-жай адам өлүп, эки сакчы жаракат алган. Былтыр ушул эле базада теги иорданиялык тыңчы өзүн-өзү жардырганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жети агенти мерт болгон эле. Бүгүнкү кол салуу үчүн Талибан жоопкер экенин анын өкүлү билдирди. Хост - Пакистандын уруулар жашаган аймагына жакын жайгашкан провинция. Ал чөлкөм “ал-Каида” менен Талибандын адамдары башпаанектеген жер катары эсептелинет.