Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:26

"New York Times": Лукашенконун Бакиевди кайтарып бере турган түрү көрүнбөйт


К. Бакиев Минскиде
К. Бакиев Минскиде

Кыргызстандагы саясий окуялар, өзгөчө өлкөдөгү олку-солку болуп оңоло албай жаткан кырдаал батыштагы маалымат каражаттарынын көңүл борборунда турат.

Өткөн аптада чыккан сандарынын биринде New York Times гезити Кыргызстандагы саясий абалга дагы бир жолу кайрылып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кол тийбестик иммунитетинен ажыратылганын, ага Кыргызстандын убактылуу бийлиги 7- апрелдеги окуялар учурунда чогулган элге ок аттырып, массалык кыргын уюштурду деп айып такканын, экс-президент учурда президент Лукашенконун коргоосу астында Беларуста качкын абалда жашап жатканын, аны кайтарып берүүнү убактылуу өкмөт талап кылып отурганын баяндады. “Лукашенконун Бакиевди кайтарып бере турган түрү көрүнбөйт” деп бышыкталат макалада.

Англис тилинде чыгуучу Moscow Times гезити дагы бир макаласын Кыргызстандагы окуяларга арнады. “Кыргызстан постсоветтик жумуруяттардын ичинен эң эле алгылыктууларынын бири. Калкы ак пейилдүү жана жакшы билим алган. Жарандык коом жана айкындык мурдагы советтик жумуруяттардын эч биринде бул өлкөдөгүдөй өсүп өнүкпөгөн. Чокусун кар баскан бийик тоолору жана суктандырган кооз табияты бар” деп баяндалат макалада.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон биринчи жумуруят экени эске салынып, ушундай оң көрүнүштөргө карабастан бул өлкө кедейчиликтен кутула албай, кишинин үрөйүн учурган коррупциядан улам экономикасы өсө албай келгени айтылат.

“Кийинки беш жылдын аралыгында Курманбек Бакиев менен өлкөнүн бардык чоң мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларын менчиктеп алган анын үй-бүлөсү жумуруяттын башындагы эң башкы проблема болуп келди. Сабаттуу кыргыз калкы коррупция жана өн-тааныштык илдетинен тажап бүттү. 2005 - жылдын март айындагы жоогазын ыңкылабы Акаевдин диктатурасына каршы баш көтөрүү аракети болгон эле. 2010 - жылдагы төңкөрүш болсо Бакиев менен анын үй- бүлө мүчөлөрүнө каршы жасалды. Жумуруятта жаңы жана таза өкмөт түзүүгө эл аралык коомчулук күчтүү колдоо көрсөтүүсү жана көптөгөн кыргыз жаштарына чет элдерде билим алууга мүмкүнчүлүк берүү керек” деген сунуш менен жыйынтыкталат макала.

IWPR интернет баракчасы Өзбекстандын лидери Ислам Каримов Москвага болгон сапары учурунда орус жетекчилер менен Кыргызстандагы абалды талкууга алганын жазып чыкты. Анда Медведев менен бирге уюштурулган маалымат жыйынында Каримов “Баарынан мурда Кыргызстанда бейпилдик жана туруктуулук кайра калыбына келиши зарыл” деп баяндаган. Макалада жалпысынан Өзбекстан бийлиги кийинки убакта кайрадан Москвага жакындашууга тырышып жатканы бышыкталып, “аймакта абал чыңалып баратат. Жайкы же күзгү маалда аймакта жаман окуялардын келип чыгышы ыктымал. Кыргызстандагы туруксуздук кошуналарга жугуп, аймактагы абалды ого бетер курчутуп жиберүүсү мүмкүн. Ошондуктан Өзбекистан аймактагы геосаясий реалдуулуктарды эсепке алуу менен Москвага жакындашууга далалат кылып жатат” деген Москвадагы КМШ институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозиндин айткандарына орун берилген.
XS
SM
MD
LG