Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Саясатчыларда Конституция көйгөйү, ишкерлерде чек ара...


Кыргызстанда Конституциянын долбоору кеңири талкууга алынууда. Ошол эле мезгилде Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордон сырткары 20дан ашуун долбоор коомчулукка сунушталууда. Ал эми Казакстан жана Өзбекстан менен чек ара жабык бойдон турат.

7-апрелдеги окуялардан бери Казакстан жана Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы жабык бойдон турат. 5-майда Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек араны ачуу маселесин көтөргөн. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, кошуна өлкө чек араны ачууга убада берген. Бирок 6-майга карай чек ара жабык бойдон турганын Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанга сатыла турган күйүүчү майга 1-апрелден тарта кошумча бажы төлөмүн Москва киргизген. Бажы төлөмүндөгү баш-аламандыктарга байланыштуу айрым орус мунай компаниялары Кыргызстанга күйүүчү май сатууну токтоткон. Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Базарбай Мамбетовдун билдирүүсүнө караганда, 10-майдан тарта Россиядан мунай келе
баштайт. Бирок ал жаңы баада болот. Анткени Кыргызстанга келе турган бир тонна мунайга Россия 203 доллардан ашуун бажы төлөмүн киргизди.

Өзбекстан тарап мурдатан эле чек ара режимин катуулатып келген. Ошондуктан бул багытта жакын арада жеңилдик болоору күмөндүү.
Эки жолу ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстандын жакын кошуна өлкөлөр менен мамилеси ушундай абалда турат.

Ал эми АКШнын чабармандары Кыргызстанга байма-бай келүүдө.

7-апрелден кийин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк келсе, эми президент Барак Обаманын коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфолл келди. Ал Бишкекке сапары жана бул жердеги жолугушууларда козголгон маселелер тууралуу буларды айтты:

- Бир нече жума мурун Кыргызстандагы абалды президент Обама менен Акүйдө талкуулаганбыз. Ошондо менин Кыргызстанга барып, абалды жеринде көрүшүм тууралуу чечим кабыл алынган. Бул жердеги жолугушуулар маалында бир катар суроолор каралып, айрыкча убактылуу өкмөттүн көңүл борборунда турган өлкөдөгү демократиялык институттарды колдоого АКШ тарабынан экономикалык жактан жардам көрсөтүү тууралуу сөз болду”.

АКШы өкүлүнүн Бишкектеги жолугушууларында Вашингтонго, өзгөчө АКШнын Бишкектеги элчилигинин дарегине кескин сындар айтылды. Маселен, Макфол менен жолугушууда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев:

- Биз АКШ тараптан ар дайым түшүнүүчүлүктү, колдоону байкап келгенбиз. Эки жылдан бери АКШнын өкмөтү менен мамилебиз өзгөрдү. Биз элчи айым (АКШнын Кыргызстандагы элчиси Гфеллер) Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен бет ачаарларга барып жүргөнүн көрдүк. Ал эми Максим биздин өлкөнү талап-тоноп жаткан. Бул кандай болуп кетти? .

Кошмо Штаттар Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн колдоо үчүн “Манастын” ижара акысы үчүн бериле турган каражаттын бир бөлүгүн тез арада которуп беришерин ачыкташты.

Кыргызстан маселеси Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттеринин 9-майга карата Москвада боло турган жыйынында да козголушу мүмкүн. Орус жана казак жетекчилигинин Кыргызстандагы абалга баасы белгилүү.
5-майда жарыяланган Казакстан тышкы иштер министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Канат Саудабаевдин маегинде, Кыргызстан түштүгүндө Ош жана Жалал-Абад облустарында абал туруксуз деп бааланган. Саудабаев бул пикирди кайсы маалыматка таянып айтканы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын ички турмушунда дыйкандар үчүн күйүүчү майдын жетишсиздиги, ал эми ишкерлер үчүн чек аранын жабыктыгы негизги проблема болуп жатса, саясатта Конституциянын долбоору негизги маселе болуп турат. 6-майда Конституциялык кеңешименин мүчөлөрү чогулуп, долбоорду талкуулашат. Жума башында болгон алгачкы жыйында кеңешменин мүчөлөрү топторго бөлүнүп, ар кайсы багыттарда иштөөгө кетишкен эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG