Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Ош аба майданы кадимки тартибинде иштеп жатат


Убактылуу өкмөтүн басма сөз кызматы К. Бакиевдин жактоочулары жасаган тоскоолдуктарга карабастан, Ош шаарындагы аба майданы кадимки режиминде, Убактылуу өкмөт дайындаган адамдардын жетекчилиги астында иштеп жатканы жөнүндө маалымат таратты.

Ошто бүгүн экс-губернатор М. Бакиров баш болгон мурдагы президенттин жактоочулары облустук акимчиликти ээлеп алышып, андан ары шаардагы аба майданын басып алуу аракеттерин көрүп жаткан. Убактылуу өкмөт Оштогу окуяларды өлкөдөгү кырдаалды бузуп жарып реванш алууну көздөгөн бакиевчилердин бузуку аракеттери катары айыптап, эл аларды колдобой турганын билдирүүдө. Ош облустук прокуратурасы Оштогу окуялар боюнча кылмыш иш козгоп, буга күнөөлүү адамдарды аныктоо аракетин көрүп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. (КС)

XS
SM
MD
LG