Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Убактылуу өкмөт тарапкерлери жүрүш жасоодо


Ушул тапта Бишкек шаарынын Тынчтык көчөсүндөгү Ормон хандын эстелигинин (Ак кеме мейманканасы) алдына чогулган эки миңдей Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери Жогорку Кеңешти көздөй тынчтыкка чакырган жөө жүрүшүн башташты. Элди тынчтыкка, биримдикке чакырган аталган жөө жүрүштү 15 чакты коомдук уюмдар уюштурган. Окуя өтүп аткан жерден кабарчыбыз билдиргендей, жөө жүрүшчүлөр арасында Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин аппарат башчысы Эдил Байсалов да бар. Аталган жөө жүрүшчүлөрдү Жогорку Кеңештин алдына чогулуп аткан жарандар тосуп алышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG