Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Митинг-реквием “Форумдун” жанында өтүүдө


Бишкекте СДПнын кеңсеси жайгашкан “Форум” ишканасынын жанында Бириккен элдик кыймылы уюштурган митинг-реквием башталды. Анда 7-апрелде курман болгондорго куран окутулуп, убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Убактылуу өкмөт алты айда таза жана так иштеп беришерин, ар кандай чагым салуучу топторго каршы туруп, өлкөнүн коопсуздугу үчүн чечкиндүү чараларды көрүшөрүн айтты.

Маалыматка караганда митингге он миңден ашуун адам катышууда.

7-апрелде Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында элдик курултайга чогулган эл менен тартип коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, арты тополоңго айланган. Нааразы болгон эл өкмөт үйүнүн жанына барышкан. Ал жерде Ак үйдү коргоп турган күч структуралары менен чатырдагы көзгө атарлар чогулган элге ок атып, жыйынтыгында 86 адам окко учуп, бир жарым миңден ашуун киши жаракат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG