Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Иран ийге келдиби?


Тегеранда кол коюлган келишимге үч тарап тең курсантчылыгын жашырган жок.
Тегеранда кол коюлган келишимге үч тарап тең курсантчылыгын жашырган жок.

Иран чала байытылган уранын Түркияга жөнөтүп, анын ордуна атом реактору үчүн керектүү отун алганга макул болду. Бул тууралуу Тегеранда түрк премьери, иран жана бразил президенттери өткөргөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымдалды.

Тегеранга алды менен Бразилиянын президенти Лула да Силва келип, иран өкмөтүнүн жетекчиси Махмуд Ахмединежад жана мамлекет башчысы аятолла Али Хаменеи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулардан соң Лула да Силва келишим түзүүгө үмүт көбөйдү деп билдирди.

Тегерандагы сүйлөшүүлөргө дүйшөмбү күнү Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кошулду. Үч жетекчи жолугушуу аяктаган соң атайын шартнама түзүшкөнүн ырасташты. Документке түрк жана иран тышкы иштер министрлери кол коюшту.

"Иран ислам республикасы чала байытылган уранын Түркияда сактоого макул болду. Анын баары Ирандын менчиги болуп эсептелет. Урандын сакталышын көзөмөлдөө үчүн Тегеран менен МАГАТЭ байкоочуларды дайындайт",- деп айтты иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки.

Түркия ирандыктардын 3,5 процент өлчөмдө байытылган 1200 кило ураны үчүн атом реакторуна керектеле турган деңгээлге жеткирилген 120 кило уран берет. Айырбаштоо иши башма-баш негизде жүргүзүлөт. Келишимдин тексти менен Иран бир жуманын ичинде МАГАТЭни тааныштырат.

"Вена тобу, атап айтканда, АКШ, Россия, Франция жана МАГАТЭ биздин чечимге оң жооп берген соң иштин калган өңүттөрү башталат, алар Иран менен Вена тобунун ортосунда түзүлө турган келишимге киргизилет",- деп тактады министр Моттаки.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Довутоглу Тегеран өз уранын ядролук отунга айырбаштоо тууралуу макулдашууга кол коюп, бул маселеде конструктивдүү жол ачкысы келерин көрсөттү деп белгиледи. Анын айтымында, жаңы санкцияларды жарыялаганга жана Иранга кысым жасаганга эми себеп калган жок.

Түркия менен Бразилия ушу тушта Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин утурумдук мүчөсү болуп саналат. Кеңештин туруктуу беш мүчөсү менен Германия Тегеранга каршы жаңы жазаналарды салуу үчүн акыркы айларда жүйүр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкан. Мындай кадамга каршы чыгып келаткан Кытай менен Россиянын позициясы да соңку мезгилде өзгөрө баштаган эле.

Санкциялардын алдын алуу максатын көздөп, министр Моттаки жакында Коопсуздук Кеңешине кирген он беш өлкөнү кыдырып чыкты. Дүйшөмбү күнү Тегеранда кол коюлган келишим тууралуу МАГАТЭ азырынча эчтеме айткан жок. Бир гана Израил иран жетекчилиги эл аралык коомчулукту кайрадан алдаганы жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG