Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Р.Отунбаеванын президент болушуна жаштар не дейт?


Өлкөдө өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө Декрет кабыл алынганы жатат. Ага ылайык, өткөөл мезгилдеги президенттин милдетин аткаруу Роза Отунбаевага жүктөлөт.Президенттин милдетин аткаруучу болуп Р.Отунбаеванын бекишине жаштардын пикирлери кандай?

18-майда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо учурунда учурдагы чукул кырдаалдан чыгууга өбөлгө түзүү максатында айрым саясий партиялар Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны президенттикке бекитүүнү 27-июнда өтчү жалпы элдик талкууга коюу сунушун жасаган. Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров өткөөл мезгилдин президенти тууралуу Декретти кабыл алуу маселеси дээрлик чечилгенин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул декрет боюнча өткөөл мезгилдеги президенттин милдетин аткаруу Роза Отунбаевага жүктөлөт жана ал жаңы президент менен жаңы парламент шайланганга чейин арбитрдын милдетин аткарат. Ошол себептүү ал саясий партиянын катарынан чыгып, президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылышы да мүмкүн. Ошондой эле бул маселе референдумга коюлат.

“Кыраандар” жаштар уюмунун өкүлү Бактияр Оңолкан уулу өлкө башчылыгына аялзатынын келишин кош колдоп колдойт. Анын оюнда аял коррупция, үй-бүлөлүк башкаруудан алыс болот:

-Эркектерде тууган-урук, жоро-жолдош деген көп болот. Мындан улам, ал бийликке жакындарын алып келип, үй-бүлөлүк башкарууга жол бериши мүмкүн. Ал эми аялзатын акчага сатып алуу, алдоо кыйын. Ошондуктан журт башчысы аял болсо туура болот деп ойлойм.

Мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруу, коррупцияга малып, акыр аягы өлкөдөн чыга качкан мурдагы эки президенттин жоруктарынан кийин Бактияр Оңолкан уулу Р.Отунбаеванын кайда, кантип иштегенин, тууган-урук, үй-бүлөсүн иликтеп көргөн. Анын жеке иликтөөсү Отунбаеванын жайнаган урук-тууган, бала-бакырасы жок экенин, мурда коррупциялык иштерге аралашпай, таза иштегенин көрсөткөн.

Роза Отунбаева бир топ убакыт бою тышкы иштер министри, элчи болуп иштеген. 2007-жылы Жогорку Кеңеште СДПК фракциясынан депутат болуп шайланып, былтыр аталган фракцияны жетектеген. Бакиевдин учурунда ошондогу бийликти курч сынга алганы менен белгилүү. Серепчилер Отунбаеваны тышкы саясатты чемичкедей чаккан, өз позициясына бекем турган саясатчы катары баалашат. Дал ушундай касиеттерге ээ адамдын президенттикке келиши өлкөнү саясий-экономикалык кризистен чыгарып, туруктуулук орнотууга өбөлгө түзөт дейт саясат таануучу Бакыт Мааткеримов:

-Убагында Курманжан датка, Манас каза болгон соң Каныкей эне журт башкарган. Биз эгемендик алган соң бир эмес, эки жолу эркекке башкартып көрдүк. Анын жыйынтыгын көрүп атпайбызбы, кризиске батып эле жатып калдык.

“Ак шумкар кут” жаштар уюмунун мүчөсү Мирхамид Токтогул уулу Убактылуу өкмөттүн президенттин милдетин аткаруучуну бекитиши мыйзамсыз экенин айтат:

-Убактылуу өкмөт кайсы жобонун, кайсы мыйзамдын, кайсы документтин негизинде президенттин милдетин аткаруучуну шайлайт? Учурдагы бийлик юридикалык статуска ээ эмес, ал жөн гана элдин ишеними менен гана иштеп атат. Андыктан менимче Р.Отунбаева азыркы статусунда эле калганы туура.

Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова Р.Отунбаеванын өлкө башчысынын милдетин аткаруучу болуп бекишин колдойт. Бирок учурда бийликти легитимдештирүү орчундуу маселе болуп турганда бул кызматка Отунбаева келеби же анын орун басарларынын бири келеби, бул анча маанилүү эмес деген пикирин билдирет:

-Эң башкысы президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган адам шайлоодо эл тандаган өлкө башчыга өз кызматын ыр-чырсыз өткөрүп бериши керек. Анткени декрет боюнча ал адам президенттик шайлоого катышуу укугунан ажырайт эмеспи. Эгерде андай болбой турган болсо, албетте, бул туура эмес болот.

Ошентип, Кыргызстан Борбор Азияда калктын көңүлүнө төп келбеген эки өлкө башчыны бийликтен алып түшкөн мамлекет катары гана эмес, президенттикке аялзатын алып келген алгачкы өлкө катары таанылганы жатат.

XS
SM
MD
LG