Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Босниядагы чыңалуу басаңдай элек


Эл аралык коомчулуктун Босниядагы Жогорку өкүлү Валентин Инцко БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун менен.Нью-Йорк, 24-май, 2010-ж.
Эл аралык коомчулуктун Босниядагы Жогорку өкүлү Валентин Инцко БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун менен.Нью-Йорк, 24-май, 2010-ж.

Босния – Герцеговинадагы саясий кырдаал мурдагыдай эле коркунуч алдында турганы Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде кайрадан эскертилди.

Эл аралык коомчулуктун жогорку өкүлү аталган өлкөнүн курамындагы Српска республикасынын жетекчилиги ансыз деле бекем эмес саясий түзүлүштү алсыратууну көздөп жатканын белгиледи.

Босния–Герцеговинада 1995-жылы согуштун аякташына алып келген Дейтон тынчтык келишиминин шарттарына ылайык, анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн эл аралык коомчулуктун Жогорку өкүлүнүн кызматы киргизилген. Ошондон берки жетинчи өкүл катары бул кызматты азыр австриялык дипломат Валентин Инцко аркалоодо. Ал 24-май күнү БУУнун Коопсуздук кеңешине кезектеги маалыматын берген кезде, Балкандын батышында аймактык элдешүү жараяны жакшыруу үстүндө экенин, бирок Босниянын ички саясаты ирип жаткандыгына токтолду.

Жогорку өкүлдүн ырастоосунда, мунун булагы - Босния–Герцеговинанын курамындагы Српска республикасынын жетекчилиги:

- Српска республикасынын жетекчилиги, маселен, жогорку өкүлдүн бийлигинен жана Дейтон келишими боюнча чечимдерден баш тартууну көздөгөн референдум өткөрүү мүдөөсү менен мамлекеттик институттарга шек келтирген жолдун көч башында турууда.


Српска республикасынын премьер-министри Милорад Додик жогорку өкүлдүн кызматын жоюуну караган референдум чакырарын буга чейин бир нече ирет эскерткен. Бул иш жүзүндө серб улутундагылар басымдуулук кылган республиканын Босниянын калган бөлүгүнөн ажыроосу дегенди туюндурат.

Эл аралык коомчулуктун жогорку өкүлү Валентин Инцко өз сөзүндө белгилегендей, Дейтон тынчтык келишиминин жоболоруна чакырык таштаган кандай референдум болбосун - ал мыйзамсыз. Ал эми жалпысынан босниялыктар мамлекеттин кайсыл түрүн: өкмөтү катуу борборлоштурулган өлкөнүбү же борбордон ажыратылган федерацияныбы каалайбы, бул маселеде азырынча ич ара мунаса жок.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги талкууга Босниянын үч адамдан турган президенттик кеңешинин учурдагы төрагасы Харис Силайжич да катышып, кырдаалга өз баасын берди. Президенттик кеңеште үч адамдын кезектешип төрагалык кылуусун караган тартип өлкөдөгү үч улуттук тайпа: сербдер, хорваттар, мусулмандар жоопкерчиликти бирдей тартуусу үчүн киргизилген эле. Учурдагы мусулман Харис Силайжичтин БУУдагы сөзүн утурлай ошол президенттик кеңештин серб өкүлү Небойша Радманович жана Босниянын премьер-министри, улуту боюнча серб Никола Спирич Коопсуздук кеңешине күн мурунтан эле кат жолдоп, анын сөзү алдын ала макулдашылбагандыктан, айткандарына каршы экендиктерин билдиришкен.

Улуттар уюмуна жолдонгон каттар Босниянын саясий структуралары чайпалып турганынын дагы бир далили болду окшойт. Президенттик кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Харис Силайжич жыйындан кийин кабарчылар менен болгон маегинде, алдыда турган башкы максат – Дейтон тынчтык келишимин колдоо жана аткаруу экендигине токтолду:

- Акыркы кездери Босния –Герцеговинанын эсебинен акырындык менен бул келишимди кайра кароо аракеттери жасалууда. Мен бул жерге мындан олуттуу кесепеттер болушу ыктымал экендигин айтуу үчүн келдим. Биз Босния – Герцеговинанын эсебинен Дейтон келишимин кайра кароону токтотуубуз керек. Анткени бул өлкөдөгү тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурат.

Босниялык жетекчинин Коопсуздук кеңешинде айткандарын Орусиянын ал жердеги өкүлү сындап, “бир тараптуу” жана “жүйөлүү эмес” деп баалады. Сербиянын жана Српска республикасынын узактан берки өнөктөшү Орусия, айрым байкоочулардын баамында, Босниянын соңку саясий статусу аныкталуусуна тоскоолдук жасагандардын башкысы. Көпчүлүк эми өлкөдө октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоону күтүшүүдө. Анда азыркы саясий лидерлер бийликте калуу үчүн кайра сынактан өтүүсү керек. Кырдаал боюнча кийинки маалымат Коопсуздук кеңешине ноябрда берилет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG