Луизиана штатынын губернатору Мексика булуңунда сууну булгаган мунайдын тагы жээктен ушунча аралыкка созулганын ырастады. Губернатор Бонни Йиндал Бритиш Петролиум компаниясы менен АКШ өкмөтүнүн экологиялык апаатка каршы аракети алымсындырбайт деп сынга алды. Бритиш Петролиум компаниясы кара май оргуштап аккан жерди цементтеп катытуу иштерин баштады, буга дейре мындай тереңдикте сыналып көрбөгөн технологиянын ийгиликтүү болоруна кепилдик жок дешет адистер.