Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

AI: Дүйнөдө сот адилеттиги таңкыс


Amnesty International - Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Клаудио Кордоне жаңы доклад менен тааныштырды.
Amnesty International - Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Клаудио Кордоне жаңы доклад менен тааныштырды.

Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюму өзүнүн кезектеги жылдык докладын жарыялады. Документте дүйнөдө сот адилеттигинин жетишсиздиги күч колдонуу саясатынын күч алышына, адам укуктарынан бузулушуна шарт түзүп жатканы белгиленет.

"Репрессиялар менен сот адилетсиздиги коолап-чайлап,миллиондогон адамдарды зобун-зомбулукка, эзилүүгө жана жакырлыкка дуушар кылып жатат",- деп белгилейт уюмдун баш катчысы Клаудио Кордоне докладдын бет ачар бөлүгүндө.

Саясат мыйзамдан үстөмдүк кылганда

Amnesty International өкмөттөр саясий кызыкчылыктарды мыйзамдан жана сот адилеттигинен өйдө койгонун токтотмоюнча эркиндик кемелине келе албай турганын, муктаждык адамзаттын көп бөлүгү үчүн мүнөздүү бойдон каларын эскертет. Уюм ошондой эле дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөрдү, анын ичинде "Чоң жыйырманын" мүчөлөрүн Эл аралык кылмыш соту тууралуу конвенцияга толук кошулуп, сот адилеттигин камсыз кылууда өрнөк болууга чакырат.

Докладда өткөн жылдын январынан декабрына чейин дүйнөнүн 159 өлкөсүндөгү абал иликтөөгө алынат. Алардын 111инде тергөө иштеринде кыйноо ыкмалары жана катаал сурак чаралары колдонулду, 55инде сот адилетсиз чечим чыгарган учурлар нормага айланды, 96сында сөз эркиндиги чектөө байкалды.

Жакынкы Чыгыштан жана Түндүк Африкадан Amnesty International Сауд Аравияны, Сирияны,Тунисти өкмөттү сындагандарга сыйыртмак салуу адатын жайылтуунун өзүнчө эле модели катары бөлүп көрсөтөт. Гвинеяда, Мадагаскарда, Эфиопияда жана Угандада бийлик оппоненттери катуу жазаланат, атүгүл көзү тазаланат. Иранда репрессиянын ар түрдүү ыкмалары колдонулат.

Азиядан Кытайда өкмөт сынчыларын куугунтуктоо жана кысмактоо күч алды. Түндүк Корея менен Мянмада репрессиялардан жана экономикалык кыйынчылыктардан миңдеген адамдар качканга аргасыз болушту. Америка континентинде коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгондор көбөйдү, бул өзгөчө Бразилияда, Ямайкада, Колумбияда жана Мексикада байкалды. АКШда антитеррордук өнөктүккө байланыштуу жазасыз калган учурлар дале бар.

Европанын айрым бөлүктөрүндө жарандык коомдун үнү солгундап кетти, Россияда, Түркияда, Азербайжанда, Белоруссияда сөз эркиндиги чектелди.

Авторитаризмдин коругу

Борбор Азиялык өлкөлөрдүн дээрлик баары докладда сынга алынат. Казакстанда баштагыдай эле коопсуздук күчтөрү кыйноо ыкмаларын колдонот, адамдарга катаал мамиле жасалат жана бул кеңири жайылган көрүнүшкө кирет. Айыпкерлерди мажбурлап моюнга алдырган көрсөтмөлөрдү соттор мыйзамдуу танык-далил катары кабыл алат, бу жагынан өзгөчө Улуттук коопсуздук комитети өз укугунан ашкере пайдаланат.

Кыргызстанда да кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөргө таянып, соттор адилетсиз өкүмдөрдү чыгарышты. Докладда Ноокаттагы окуянын териштирилиши, ага катышы бар деп эсептелинген 32 кишини ар түрдүү мөөнөткө түрмөгө кесип, баарын конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасаган деп айыпталганы баяндалат. Айыпкер аялдардын чачын кырып, муздак суу астында тургузушкан, эркектердин сакалын куйкалашкан, темир керебетке байлап алып, чыпылдата таманга чапкылашкан. Милиция соттолгондордун тууган-уруктарын арыздансаңар мындан да жаман кылабыз деп коркутушкан. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башчысы исламчыл топтордун мүчөлөрүн эл көзүнчө өлүм жазасына тартууну, алар үчүн концлагерлерди ачууну сунуш кылган. Буга катарлаш журналисттерди уруп-сабаган, коркуткан, атүгүл өлтүргөн иштердин бети ачылган жок. Укук коргоочу үч активистти бийликтер өлкөдөн чыгарып жиберишти.

Тажикстанда коопсуздук органдары эч кандай күнөөсү жок адамдарга деле кыйноо ыкмаларын, катаал чараларды колдонот. Жазыксыз жарандар милициянын таягынан каза тапкан учурлар катталды. Сөз эркиндиги ого бетер чектелди, аялдарга үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү чечилбеген проблема бойдон калды.

Түркмөнстанда ондогон диссиденттер узак мөөнөткө камалып, белгисиз жайларда кармалат. Алардын өлүү же тирүү экени туугандарына маалымдалбайт. Өлкөгө киргенге жана өлкөдөн чыкканга тыюу салынган адамдардын "кара тизмеси" түзүлгөн. Жадесе оор илдетке чалдыккан, операцияга муктаж адамдарды да дарыланганы бийликтер Москвага же башка шаарларга чыгарбай коюшту, натыйжада айрымдары каза болду. Эркин кабарчылар, өзгөчө чет элдик маалымат каражаттары менен кызматташкан журналисттер куугунтукталды. Саясий айыптар менен экологиялык айрым активисттер, диний ишмерлер камалды.

Мунапыс уюмунун маалыматтары боюнча Өзбекстанда өткөн жылы ислам кыймылдарына жана партияларын мүчө болушканы үчүн ондогон кишилер соттолду, алардын жалпы саны миңдеп саналат. Баары тең шарты катаал түрмөлөрдө кармалат. Коопсуздук органдары шектүү делинген бир катар адамдарды жана алардын тууган-уруктарын бекем көзөмөлгө алышты. Атайын кызматтар кенедей мандем байкалса эле жарандарды эч кимдин уруксаты же санкциясы жок кармап, камап коюшат. Укук коргоочу активисттер менен журналисттерди куугунтуктоо иштери да улантылды, айрымдары адилетсиз түрдө соттолду.

XS
SM
MD
LG