Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Германияга үй жумушчу катары кеткен кыргыз кызы каза болду


1984-жылы туулган Кундуз Турсунова Дюссельдорф шаарына үй жумушчу катары жеке канал менен 2005-жылы кеткен. Кундуздун туугандарына “15-майда ал өз жанын өзү кыйып өлдү” деген мазмунда Германиядан кат келген. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун билдирүүсүндө, маркумдун туугандары үй жумушчу катары чакырып алган Германия жараны Гот Вальт Патрикти Кундуздун өлүмүнө тиешеси бар деп шектеп жатышат. Бул себептен алар тергөө амалдарын так жүргүзүү талабы менен бүгүн Кыргызстандагы Германия элчилигинде болушту. Элчи алардын талаптарын өз мекениндеги тийиштүү органдарга жеткирүүгө ишендирип өттү. Ушу тапта маркумдун туугандары Тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Руслан Казакпаев менен жолугушууга аракет жасап жатышат. (EK)

XS
SM
MD
LG