Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Наристе болсо да укугу бар


1-июнь – Кыргызстанда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Буга карата Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги Бишкектеги балдар үйүнө 80 миң сомго жардам берген. Балдар укуктары жана аталган министрликтин учурдагы иш-аракеттери туурасында министрдин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамарова “Азаттыкка” маек курду.

- Бүгүнкү иш-чарага токтоло кетсеңиз? Жалпы эле Кыргызстанда балдардын укугу корголуп жатабы?

Бөдөш Мамырова: Балдарды коргоо күнүнө карата биз балдар үйүнө бардык. Айтканга оор, бирок ошентсе да айтканга туура келет. Буга чейин деле менин иш планымда ошол жерге барып, балдардын ал-акыбалын көрүп, эне-аталары багып алганда чара көрүп, ошого ыңгайлаштырсак деген оюм бар болчу. Биз бүгүн белекетерибизди бердик. Бирок канчалык аларды канатыбызга калкалап, материалдык жардам берген менен деле балдардын көзүнөн эне-атанын мээримине зар экени көрүнүп турат.

Мен абдан бушайманга түшүп келдим. Кыргызстанда балдардын укугу таптакыр эле корголбой калды деген да алысмын. Колдон келишинче корголуп атат. Бирок ошого карабай канчалык мамлекет балдардын укугун коргоп, кам көрсө деле, өзүнүн жаратылыштан берген эне-атасы колдоп, коргоп, канатына калкалап багалбагандан кийин баары бир балдардын укугу корголбогондой сезиле берет экен. Мен ушуну бүгүн түшүндүм.

- Ушул максатта кандай иш-чараларды өткөрүш керек? Канткенде балдардын укугу жогорку деңгээлде корголот деп ойлойсуз?

Бөдөш Мамырова: Бул өз укугун билбей, оор жумуштарга тартылып, жаштайынан кабыргалары кайышып, базарларда күн көрүп, оокат кылып жүргөн балдарыбыз деле бар эмеспи. Буга биз мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара көрүшүбүз керек. Мисалы, азыр көп балдар мектептерге барбайт, көр оокаттын айынан эне-атасына жардам берип, тыйын-тыпыр табабыз деп оор жумуштарга тартылган. Базарды эле алып көрсөк, араба түрткөндөр, менин угушума караганда, арабаны кармай турган жеринен салыгын алат экен. Ырас ошону алгандан кийин, ошол балдардын ден соолугуна, балдардын оор жумуш аткарып атканына балдарга да базардын администрациясы көңүл буруш керек болчу да. Ошону биз мыйзам чегинде карай албай атабыз. Аларды өздөрү келип иштеп атат дегендей айтышат.

Ошол эле мезгилде балдарга мектепте окуганга, орто билимди толук алып алганга үгүт-насыятыбызды жүргүзө албай атабыз. Көбүнчө айылдан келген балдар шаарга мектепке алынбай, мектептин бир топ шарттарын көтөрө албаган балдар ошентип оор жумуштарга тартылып жатат. Ал эми ташталган балдардын кичинекей ымыркай болсо деле укугу бар да. Эмне үчүн аларды жөн эле таштап коюп кетип калат экен?

- Жумушсуз болгондуктан балдарды таштап атабыз, же балдарыбыз иштегенге туура келип атат деген жүйөлөрдү келтирип атышат. Ошон үчүн сиздин министрлик жумушсуздар көбөйүп бараткандарды алдын алып, же жумуш орундарын түзүү боюнча кандайдыр бир иш-чараларды көрөбү?

Бөдөш Мамырова: Биздин министрликтин аты эле айтып тургандай биз жумушсуздукка жол бербешибиз керек. Эгер жумушсуз болуп калса, ошолорду жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Анан талаада иштеп жүргөн мигранттардын иш менен камсыз болушун жана укутарын коргошубуз керек. Бул жөнүндө министрликтин алдында бир топ иштер жүргүзүлүп келген экен, биз да жүргүзүп атабыз. Бүгүнкү күндө адамдарды ишке тартуу, иш менен камсыз кылуу боюнча атайын бөлүмдөр иштейт.

Бизде азыр каттоодо турган бир топ жумушсуздар бар. Аларга ай сайын мамлекет тарабынан пособие чектелген, аны беребиз. Бирок абдан аз. Убактылуу коомдук ишке тартуу боюнча, убактылуу болсо да аларды иш менен камсыз кылып, аларга айлык төлөнөт, ал да абдан аз, 100 сомдун тегерегинде.

Жакындан бери Убактылуу өкмөттүн астында бир топ донор мамлекеттердин жардамы менен финансы жагынан жардам берилип, ошонун негизинде биз жергиликтүү бийлик, мэрия менен биргеликте жумушсуздарды иш менен камсыз кылып, шаарды көрктөндүрүү, калыбына келтирүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүрүп атат, ошол жерде бүт биздин жумушсуз адамдар иштеп атышат. Бирок дагы деле жетишпейт.
XS
SM
MD
LG