Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Нарында беш бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү митинг өткөрүшүүдө


Бул тууралуу Нарындагы кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, облустук бийликтин алдында отузга чукул адам колдоруна, “Нарын мэри Алмаз Кулматовду колдойбуз”, "Ачкачылык акциясына жол жок", “Мыйзамдуулук сакталсын”, “Убактылуу өкмөттү колдойбуз”, деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Алар белгисиз Координациялык кеңештин кысымы астында Нарын шаар башчысы Алмаз Кулматов менен облустун жана шаардын администрациясында иштеген айрым кызматкерлердин кызматтан мыйзамсыз алынышына нааразылык билдиришти. Митингге чыккандар менен Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков жолугушуп, мэр Алмаз Кулматовдон башка кызматкерлер кызматтан бошотулбастыгын, буга Координациялык кеңештин эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.
Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Нарын мэрин шаардык кеңеш гана кызматтан бошоторун айтышып, губернатору мыйзамдуулукту сактоого чакырды.
Кечээ Нарында Координациялык кеңештин мүчөсүбүз деген он чакты адам ачкачылык жарыялап, шаар башчысын жана мамлекеттик мекемелердеги 40тан ашуун кызматкерди кызматтан кетирүүнү талап кылышкан. Ал эми элүүгө чукул жаш жигиттер болсо шаар башчысынын кеңсээсине күч менен кирип барышып, мэр Алмаз Кулматовду кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын жаздырып алышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG